"Эркин-Тоо"

Эки жашар кызын сабаган аял бир айга камалды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда эки жашар кызын сабаган аял бир айлык мөөнөткө камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 1-февралда райондук сот чыгарган.

Наристесин сабаган аял 2023-жылдын 1-мартына чейин СИЗО-53тө болот.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 27-январында милицияга Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никедеги Ш.М. аттуу аялы А.Х. аттуу 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзгөндүгүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган маалымат Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!