Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эки күнгө созулган экинчи Элдик курултай аяктады.
Курултайга Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышты.
Элдик курултайдын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.