"Эркин-Тоо"

ЭКИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ЖАҢЫ МЫЙЗАМ МЕНЕН ӨТӨТ

Бардык нерсенин биринчи башталышы болот. Өткөн жылы 25-ноябрда болуп өткөн курултай республикабыздын бардык аймагынан жана коомчулуктарынан элдик жыйындарда шайланып, макамы конституциялык негизде бекемделген алгачкы жалпы элдик жыйын катары тарыхта калды. Ата-бабаларыбыз нечендеген кылымдар бою журт башына түшкөн кыйын-кезеңдерде, аймактык же дагы башка элдин таламына туура келген маселелерди чечүүдө курултай чакырып “ийри отуруп, түз кеңешип” түйүн маселелерди чечип, барар багытын, жолун аныктап алышкан эмеспи. Андан бери кылымдар өттү. Эгемен мамлекет катары өз Туубузду сайып, дүйнөгө өз алдынча мамлекет катары жар салган мезгилден баштап коомчулук арасында элдик курултай жөнүндө далай айтылып келди. Акыры 2021-жылы кабыл алынган жаңы Конституцияда Курултай институту конституциялык негизде макамын алып, ага улай “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам кабыл алынды.

Чындыгында 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда да Курултай элдик жыйындардын бир формасы катары киргизилген. Бирок, анын укуктары жана өткөрүү тартибин жөнгө салган “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште кароодо кызыл чеке талаш болуп, парламентте курултайга каршы күчтөр басымдуулук кылгандыктан парламент тарабынан мыйзам долбоору кабыл алынбай калган. Бул жолу парламент “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзамды колдоп, ушул жылдын 29-июнунда кабыл алып берди. Ал эми Президент Садыр Жапаров мыйзамга 24-июлда кол койду. Экинчи элдик курултай биринчи жолу мына ошол кабыл алынган мыйзамга ылайык өткөнү турат. Мыйзам курултайдын укуктук макамын, анын иштөө принцибин жана делегаттарды шайлоо тартибин жөнгө салат. Ошондой эле делегаттардын сандык курамы жана делегаттарга талаптар, эң негизгиси Элдик Курултайдын мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу тартиби мыйзамдык негизде каралган.

Курултайдын делегаттарынын ичинен шайланып, 17 адамдан турган Улуттук Кеңеш делегаттардын катышуусу менен тиешелүү мыйзам долбоорун тармактык адистерди тартуу менен иштеп чыгып, ал курултайдын жалпы делегаттарынын көпчүлүк добушу менен колдоого алынса Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Биринчи курултайда 1074 делегат шайланып келген. Эми элдик курултай мыйзамга ылайык 700 делегаттан туруп, квоталар аймактык, тармактык, этностук жана башка жагдайлар боюнча таандыктуулугуна жараша бөлүштүрүлөт. Бул чынында оптималдуу курам деп ойлойбуз.

Биринчи элдик жыйын курултай жөнүндөгү конституциялык мыйзам кабыл алына электигине байланыштуу Президенттин Жарлыгына ылайык убактылуу жобо менен өткөн. Делегаттар да биринчи ирет өкүлчүлүктүү органдагы иш-тажрыйбасын баштан өткөрүштү. Сөз сүйлөгөн делегаттардын басымдуу бөлүгү баягы эле күнүмдүк көйгөйлөрдү көтөрүп, жол, мектеп оорукана сыяктуу маселелерге Президенттин көңүлүн бурууга аракеттеништи. Чындыгында азыр мамлекет тарабынан жолдор жасалып, социалдык обьектилерди куруу, жаңыртуу иштерине жеткиликтүү эле көңүл бурулуп жатканына эл күбө. Анан калса жалпы элдик курултай кайсы жерге эмне салып же кайсы көчөнү оңдоо үчүн чогулуучу орган болбошу керек. Элдик курултай жөнүндөгү жаңы мыйзамда курултайда мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине байланыштуу каралчу маселелердин 9 пункттан турган багыттары ачык, так көрсөтүлгөн. Ушул жерде Мыйзамдын 5-беренесин толук эле келтиргенибиз оң болуп турат: 1. Референдумга коюлган маселелер боюнча сунуштар. 2. Коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган концепцияларга, программаларга, мыйзам долбоорлоруна карата сунуштар. 3. Өлкөнү руханиймаданий жактан өнүктүрүү. 4. Кыргыз Республикасынын элинин салттарын жана мурастарын сактоо. 5. Мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара мамилелери. 6. Экологияны сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу. 8. Региондор аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды жана чырчатактарды чечүү. 9. Кыргызстан элдеринин тарыхый, материалдык, руханий мурастарын сактоо жана башка маанилүү маселелер.

Учурда курултайга делегаттарды шайлоо аяктап калды. Шайлоо болгондон кийин эл ичинен элгежерге күйгөн, мамлекеттин өсүпөнүгүүсүнө, коомдун аң-сезимине оң таасирин тийгизе алчу адамдар суурулуп чыгып келет деген ишеничтебиз. “Бара-бара көсөм болот” дегендей эл дагы өкүлчүлүктүү органга делегаттарды шайлоодо тажрыйба топтоп, убакыт өткөн сайын курултайдын сапаттык курамы, таасири өсүп, Конституцияда көрсөтүлгөндөй чыныгы коомдук өкүлчүктүү жыйын катары бекем калыптанаарына үмүт бар. Ырас, Жогорку Кеңеште да эл тарабынан шайланып келген депутаттар отурат. Бирок парламент биринчи кезекте мыйзам чыгаруучу орган. Ал эми элдик курултай элдин ичинен шайланып келген саясий амбициясы жок, күнүмдүк турмуштун чордонунда күйүп-жанып жүргөн коомдук активисттерден куралат. Жогорку Кеңеште Нарын же Талас облусу боюнча эки округдан 2ден депутат отурат. Ал эми ушул эле аймактардан курултайга болжолу 100дөн кем эмес делегаттар элдик жыйынга келип, Мамлекет башчысы менен түз диалогго мүмкүнчүлүк алышат. Демек, курултай калктын калың-катмарын камтып, мамлекеттик саясатта алыскы аймактардагы элдин каалоотилеги, жана талабы да эске алынышына жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Курултайда мамлекет жана эл үчүн айтылган маанилүү маселердин аткарылышы же жыйынтыгы кандай болду, муну да көпчүлүк билип турганы жакшы. Андыктан ар бир элдик жыйындын жыйынтыктары боюнча маалымат даярдалып турса дурус болчудай деген ойдобуз.

 

 

Бегим ТУРДАЛИЕВА

№89 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 10-ноябры

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!