"Эркин-Тоо"

ЕККУ ӨКМге 18 даана компьютер белек кылды

ЕККУ ӨКМге 18 даана компьютер белек кылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 19-сентябрда, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов баш болгон министрликтин өкүлдөрү менен Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу баалоо жүргүзүү иштерине колдонуу максатында ӨКМге атайын компьютердик техникалар белекке берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов техникалар эң керектүү учурда тапшырылганын белигилеп, компьютерлер Баткен облусундагы орун алып жаткан кырдаалды жөнгө салууга өз салымын кошорун билдирди.
Ал эми ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов учурдагы кырдаалда тынчтык орнотуу үчүн аз да болсо салып кошулуп жатканына кубанычта экенин айтты.
ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жалпы 18 даана акыркы үлгүдөгү компьютер жана 1 принтер тапшырылды. Мындан сырткары тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү макулдашыты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!