"Эркин-Тоо"

ЭКОЛОГИЯГА ЖАНА ЭКОНОМИКАГА САЛЫМ

Чүй облусундагы Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү ишкана ушул жылдын август айынан тарта тесттик режимде ишин жүргүзө баштаган. Аталган ишкана “Кумтөр Голд Компани” ЖАК тарабынан ишке киргизилген. Учурда бул жерде Кумтөрдүн техникаларынын дөңгөлөктөрү кайра иштетилүүдө. Буга чейин эски дөңгөлөктөр таштанды төгүүчү жайларга ташталып, экологияга кыйла зыянын тийгизчү. Азыр алар курулуш материалдарын чыгаруу учун пайдалуу сырьёго айланууда.
 Заводдогу иштин жүрүшү менен тааныштыруу максатында 21-сентябрь күнү журналисттер үчүн атайын пресс тур уюштурулуп, материалдарды кайра иштетүү, калыбына келтирүү процессин көрүп кайттык.

Албетте өлкөбүздө мындай ишкананын ачылышы кубандырбай койбойт. Бул бир тараптан өлкөнүн экономиксына пайдасын тийгизсе, бир тараптан экологияга салымы чоң экени айтпасак да белгилүү. Завод учурда тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук кандуу ишке киргизүү ушул жылдын аягы  2024-жылдын башына пландалууда.  Ал эми долбоорду ишке ашырууга 19,2 млн доллар жумшалып, кирешенин ички нормасы 33%ды түзөт.

Кеткен чыгымдардын 30–40 %ын кыскартат

Ишканада жүк көтөрүмдүүлүгү 180 тоннага чейин жеткен автомашиналардын дөңгөлөктөрү кайра иштетилет. Бул үчүн Германиядан жана Орусиядан атайын заманбап техникалар алынып келинген. Эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүнүн  инновациялык ыкмалары жарактан чыккан дөңгөлөктөрдүн экологиялык зыяндуулугун азайтууга багытталган.

Завод толук өндүрүштүк кубаттуулук менен иштеп баштаганда саатына 2 тоннага чейин дөңгөлөктү кайра иштетүү менен жылына 2 миңге чейин чоң, 8 миңге чейин орто жана жеңил көлөмдүү унаалардын дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы ири жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга кеткен чыгымдарын 30–40 пайызга кыскартууга мүмкүндүк берет.

Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводдун директору Алекстандр Сметанин иштин жүрүшү менен таныштырып, заводко өлкөдөгү дээрлик бардык ишканалардын кызыгусу артканын, алардан эски дөңгөлөктөрдү алып кетүү сунуштары менен кайрылып жатышканын билдирди.

Александр Сметанкин “Дөңгөлөктөрдүн металл каркасы бүтүн болсо аны кайра ордуна келтирүүгө болот. Эгер бүтүн эмес болсо калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Германияда 60 % га чейин, Америкада 70%га чейин дөңгөлөктөрдү кайрадан калыбына келтиришет. Бизде бир пайыз дагы калыбына келтирбейт. Алдыда биз дагы 60 %га чейин калыбына келтирүүгө жетише алабыз”,- дейт.

Ал Кыргызстанда жалгыз бул завод механиклык жол менен кайра иштетээрин, алдыңкы жылдарда бул долбоор көп пайда алып келетрин кошумчалады.

Жумушчулар Германиядан окуп келишти

Долбоорду ишке ашырууда жумушчулардын тажрыйбасын, көндүмдөрүн арттыруу үчүн атайын Гермнияга 15 киши окууга жиберилген. Германиянын Дортмунд шаарында окуу курсуна катышып келген Эдуартов Бакытбек учурда заводдогу дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү ишинин башкы адистеринин бири. Ал материалдарды иштетүүнүн процесстери менен тааныштырып, төмөндөгүлөргө токтолду:

“2023-жылдын март айында тажрыйбабызды жогорулатуу максатында Германияга 15 киши барып, 3 апта окуп келдик. Буга чейин бул тармакта иштегенбиз. Бирок, жеңил дөңгөктөрдү гана калыбына келтирип келгенбиз.

Дөңгөлөктөр алгач иргелет. Кайра иштетүү процесинде резина, металл элементтери бөлүнүп алынат. Алынган материалдар жасалма футбол аянтчаларына, текстиль өндүрүшүндө жана металл иштетүүдө б.а. өнөр жайда жаңы буюмдарды чыгаруу үчүн кайра колдонулат”,-  деп билдирди.

180ден ашуун адам жумуш менен камсыз болот

Аталган кайра иштетүүчү ишкана жарандарды жаңы жумуш орундары менен камсыз кылат. Ишкана толук иштеп баштагандан тартып 180ден ашуун адам жумуш менен камсыз болот. Учурда 45 адам эмгектенүүдө.

18- сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров заводдо иштин жүрүшү менен таанышып, кайра өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандын өзүндө гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттерине дагы чыгарылаарын билдирген.

Эгер жаңы завод мындай темп менен иш алып бара турган болсо, өлкөгө бир топ пайда алып келери талашсыз.

Жаңыл ДҮЙШӨКЕЕВА

№76 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 22-сентябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!