Экологиялык кызмат. Мыйзамсыз газ сатууга каршы рейд жүргүзүлдү

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147

Чүй облусунун Сокулук районунда суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы үч мыйзамсыз соода түйүнү аныкталган. Алардын экөөнө калктуу конуштардын аймагында жайгаштырылган автоцистерналарды коопсуздук талаптарына ылайык аймактан чыгаруу боюнча милдеттүү эскертүүлөр берилди.

Ал эми бир объект боюнча учурда мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы калкты калктуу конуштардын ичинде көчмө газ толтуруучу станцияларды жана автоцистерналарды жайгаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынганын эскертти.

Мекеменин билдирүүсүндө өзгөчө жайкы мезгилде абанын температурасынын жогорулашы мындай объектилердин кооптуулугун кыйла күчөтөрү белгиленет. Коопсуздук талаптары сакталбаган учурда бир эле учкун ири өрт кырсыгына алып келип, адам өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн экени айтылды.

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X