"Эркин-Тоо"

Экономика министрлиги инфляцияны төмөндөтүүнү көздөөдө

Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук банк менен биргеликте 2024-жылы инфляцияны төмөндөтүү боюнча иштерди улантууну пландоодо. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. 

Анын айтымында, инфляция 14%дан 7%га төмөндөдү.

“2024-жылы Улуттук банк менен бирдикте аны болжол менен 5-7% чейин төмөндөтүүнү улантууну пландап жатабыз», — деди ал.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2023-жылдын аягына карата инфляция 7,3%ды түздү, ал эми 2022-жылдын аягында инфляция 14,7%ды түзгөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!