"Эркин-Тоо"

Экономика министрлигинде ундун кымбатташына байланыштуу жыйын өттү

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде базардагы 1-сорттогу унга болгон баалардын абалы боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын министрдин орун басары Чыңгыз Макешовдун төрагалыгы алдында өтүп, ага кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, ун комбинаттары ассоциациясынын, соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ун өндүрүүчүлөр катышты.

«Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда өз кезегинде дан жетиштүү. Учурда ун 16 социалдык мааниге ээ товарлардын тизмесине киргизилген, алардын тизмеси Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген. Ун өндүрүүчүлөр кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган жана ички соода жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ага ылайык чекене тармактар ретро бонустардан баш тартышкан жана продукциянын баасы көтөрүлбөшү керек», — деп билдирди Чыңгыз Макешов.

Министрлик жыйында мамлекеттик резервден азык-түлүк буудай данын чыгаруу жана кайра иштетүү боюнча токтомдун долбоорун Министрлер Кабинетине киргизүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алды, анын жыйынтыгында ун өндүрүүчүлөр андан ары кайра иштетүү үчүн сырьену жетиштүү санда сатып ала алат.

Ошондой эле, КР Айыл чарба министрлиги бардык категориядагы азык-түлүк буудайын жана унду экспорттоого тыюу салуу боюнча чечимдин долбоорун киргизди.

Жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да катышып, аларга өндүрүүчүлөрдөн тоскоолдуксуз сатуу үчүн унду түз сатуу пункттары үчүн чекене соода түйүндөрүн уюштуруу тапшырмасы берилди.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!