Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Экономика жана коммерция министрлигине кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Адылбек Касымалиев азыркы шартта финансист жана экономист кесибинин маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдардагы ИДПнын туруктуу өсүү темпи (2022-2024-жылдары 9% жана ушул жылдын 4 айында 11,7%) жүргүзүлүп жатканы экономикалык саясаттын натыйжалуулугун көрсөтүп турарын билдирди.
«Экономисттер менен финансисттер — азыркы замандын негизги кызматкерлери. Сиздер бардык министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын жана демилгелерин бириктирген, алдыга карай багыттарды көрсөткөн социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгасыздар», — деп белгиледи МинКаб Төрагасы.