Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев: “Электрондук соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн укуктук база түптөлдү”

КР Экономика жана коммерция министри Данияр АМАНГЕЛДИЕВ:

“Электрондук соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн укуктук база түптөлдү”

Сентябрь айынын экинчи бөлүгүндө Кыргызстанда Ишкерлер күнү белгиленди. КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан алдыңкы бизнесмендерди куттуктап, өз иштеринде ийгиликтерди жараткан ишкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мамлекет тарабынан ушул багытта аткарылып жаткан иштер туурасында министр мырза менен маек курдук.

— Данияр Жолдошевич, Кыргызстанда бүгүнкү экономикалык саясаттын өзөгүн эмне түзөт?

— Экономикалык саясаттын негизги өзөгү стратегиялык милдеттерди чечүүдө турат. Биринчиден, COVID – 19 пандемиясынын терс таасиринен экономиканы калыбына келтирүүчү кризиске каршы чараларды ишке ашыруу, акыркы кездеги геоэкономикалык чектөөлөргө байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу керектелет. Экинчиден, экономикалык өсүүнү тездете турган реформалар үчүн инвестицияларды сырттан жана ичтен тартууну ишке ашырууга багытталган. Экономикалык абалды туруктуу кармап өсүүнү камсыздоо үчүн фискалдык саясат маанилүү роль ойнойт. Жаңы Салык кодекси иштелип чыгып, анда салык салууга жаңыча ыкмалар киргизилди. Айтсак, жалпы режими, Бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы иштеп жатат. Мындан тышкары, конкреттүү тармактар үчүн белгилүү бир преференциялар берилүүдө. Алсак, ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн сатууга болгон салыктын ставкасы 2 пайыздан 1 пайызга түштү; тигүү тармагы үчүн бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы 0,25 пайыз болду.  Электробустарды чыгарып жана ташып келе турган субьекттер кошумча нарк салыгынан бошотулду. Кыргызстандын ичинде электрондук кызмат көрсөтүп жаткан (GOOGLE, YANDEX, YANDEX TAXI ж.б.) компаниялар үчүн кошумча нарк салыгын төлөө киргизилди. Электрондук соода тармагы үчүн 2 пайыздык атайын салык режими кирди. Эгер салык төлөөчү негизги сумманы үстөгү жана айыптары менен чогуу төлөсө, анда үстөк менен айыптардын 50 пайызын төлөөдөн кечүү да каралган.

Мамлекет ишкерлерди финансылык жактан колдоо боюнча кандай конкреттүү чараларды ишке ашырып жатат?

— Бул багытта абдан натыйжалуу иштер аткарылууда. Эске салсам, Кепилдик фондунун уставдык капиталы 4,1 млрд сомго чейин көбөйтүлдү. Бул ишкерлерге бериле турган кепилдиктердин санынын көп болушуна алып келет. Агроөнөр жай комплексин кластердик өнүктүрүү үчүн бюджеттен 9 млрд сом бөлүнүп, мындан ары дагы аны 26 млрд сомго жеткирүү каралууда. Учурда эт, сүт, жашылча-жемиштер, кумшекер, өсүмдүк майы, картошка, жумуртка жана буудай боюнча кластерлер иштеп жатат. Мындан тышкары, “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбооруна 6,2 млрд сом бөлүнүп, ушул долбоордун алкагында 2021-жылы өлкө боюнча айыл чарбасындагы 10 392 товар өндүрүүчүлөргө жалпысынан 6,1 млрд сом кредиттер берилген. Үстүбүздөгү жылы “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбооруна берилген каражат 5 млрд сомго көбөйгөн. Кризистен чыгуу үчүн чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча “Кичи, чакан жана орто ишканаларды чукул колдоо” долбоору ишке ашырыла баштап, долбоор алкагында 100,0 млн АКШ долларын үстөгү жок берүү жүрүп жатат. Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунан 80 млн АКШ доллары өнөр жайын жана туризмди өнүктүрүү үчүн тартылды. Мындан башка Соцфонддун топтомо фондусун пайдалануу үчүн аны экономикага реинвестиция катары тартуунун механизми ишке кирмекчи. 500 млн АКШ долларына евробонддорду чыгаруу да иштелүүдө. Өлкөбүздүн алтын запасын чет элдик инвестицияларды тартууда камсыздоочу механизм катары пайдалануу да иштелип жатат.

  Учурда мамлекет тарабынан ишкерлер чөйрөсүнө абдан олуттуу каржылык колдоо көрсөтүлүп жатканы да жакшы. Муну менен катар экономиканы өнүктүрүү үчүн атайын түзүмдөр да иштешүүдө. Ушул тууралуу айтсаңыз?

Бул багытта мамлекеттик колдоону жана ресурстарды консолидациялоо, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттары боюнча Координациялык кеңеш түзүлгөн. Анын алдында долбоорлор офиси иштеп, мыкты инвестициялык долбоорлорду алып чыгып, алардын ийгиликтүү ишке ашуусун колдоп, инвестициялык долбоорлорду түзүмдөштүрүү менен комплекстүү даярдоо иштерин аягына чейин жүргүзөт. Уставдык капиталы 1 млрд сомдук “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому түзүлдү. Ал мамлекеттик үлүшү бар ишканаларды эффективдүү башкарууну жана өнөр жайды модернизациялоону ишке ашырат. “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги түзүлүп, анда жер байлыктарын пайдалануу жана экономиканын окшош тармактарындагы долбоорлорду эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен ишке ашыруу каралган. Ал эми туризм тармагын жакшыртуу үчүн “Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду” 1 млрд сомдук уставдык капиталы менен түзүлдү. Дагы белгилей кетсек, экономикалык эффективдүү кызматташуу үчүн жана өлкөнүн экономикасын модернизациялоого Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду, Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фонду сыяктуу мамлекеттер аралык фонддор да ийгиликтүү иштеп жатышат.

Акыркы кезде кассалык – көзөмөлдөөчү машина (ККМ) тууралуу коомчулукта ар кандай сын-пикирлер, ойлор айтылып, митингге чыккандар да болду. Азыр бул иш кандай натыйжа берүүдө?

— Бул инструментти киргизүүнүн башкы максаты – көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, ар кандай текшерүүлөрдү азайтуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо. Көмүскө экономикадан чыгуу максатында “Кэшбек”, “Чек талап кыл да, байге утуп ал!” долбоорлору иштеп жатат. Мындан сырткары салык боюнча көзөмөлдү аралыктан жүргүзүү системасын киргизүү да пландалууда. Учурда коомчулук да, ишкерлер да бул инструментти колдонууну кеңири жайылтып жатышат. Керектөөчүлөр да ар бир алган буюму үчүн чек талап кылганды билип калышты. Бизнес чөйрөсүндө, соода-сатыкта ККМ толук ишке кирсе, биздин экономикада чындап өсүү болуп жатканын аз убакытта эле көрүп-билебиз. Деги эле фискалдык саясат мындан ары стимул берүүгө жана бардык процедураларды жөнөкөйлөтүүгө гана багыт алат. Туризм тармагы жана креативдүү индустриялар паркы үчүн да ийкемдүү салык төлөө формалары киргизилди.

— Экспорт экономиканы алдыга тарткан негизги локомотив. Бирок, мурдагыдай эскиче товар экспорттоодон башка жаңы ыкмалар, кызмат көрсөтүүлөр, жаңыча жолдор чыгып жатпайбы. Бул багытта сиз жетектеген министрлик кандай иштерди аткарып жатат?

— Акыркы кезде дүйнөдө интернет соодасынын глобалдык рыногу кулач жаюуда. Бул тармак бир топ жылдан бери өсүү үстүндө гана келе жатат. Биз дагы дүйнөлүк тенденцияны эске алуу менен ага ылайыкташып жатабыз. Электрондук соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн, Кыргызстанда өзгөчө шарттар түзүлүүдө. Биринчиден электрондук соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн укуктук база түптөлдү. Ал аркылуу “Амазон” жана “Вайлдберрис” эл аралык платформаларына продукцияларды чыгарууга шарт түзүлдү. Глобалдуу маркет-плейстерге биздин товарларды киргизүү иштери жүрүп, алардан складдык имараттарды алуу жагы каралып жатат. Булар үчүн жаңы Салык кодексинде түшкөн кирешеден 2 пайыз алуу боюнча атайын салык режими иштеп жатат. Экспортту өнүктүрүү менен продукцияларды стандартташтыруу жана сертификациядан өткөрүү максатында, 22 кыргыз лабораториясы аккредитациядан өттү. Сертификациялоого 20 орган, инспекциялоого 8 орган ЕАЭБдин Бирдиктүү реестринде катталган. Кыргызстанды аккредитациядан өткөрүүгө эл аралык жана аймактык уюмдардын аккредитациялоосу боюнча улуттук органдардын (ILAC, APAC) таануусуна жетишилди. ЕАЭБ алкагында 52 техникалык регламент иштей баштады.

Жазгүл КАРБОСОВА

error: Content is protected !!