"Эркин-Тоо"

ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАК КОЛДООГО МУКТАЖ

Бир нече жылдан бери Бишкек эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) резиденттеринин саны төрт эсеге, тагыраагы 1200дөн ашык компаниядан 300гө чейин кыскарганын Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев тиешелүү комитеттин көчмө жыйынында билдирди. Мунун себеби, аймакта бизнес жүргүзүү үчүн шарттар жагымдуу эмес экенин баса белгиледи эл өкүлү. ЭЭАнын аймагындагы экономикалык ишти жөнгө салуу режими жалпы белгиленген режимден анча деле айырмаланбайт экен.

«Бишкек» ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаров өз кезегинде эркин экономикалык аймактын алкагында салык режимин мындан ары либералдаштыруу боюнча чараларды көрүү керектигине токтолуп, 2022-жылдын 9 ай ичинде 24 келишим түзүлүп, инвестициянын көлөмү 1,7 млрд сом болгонун билдирди. Же болбосо жыл башынан бери 20 млн доллардын тегерегинде суммага келишим түзүлүптүр. Ошондо ар бир келишимге 800 миң доллардан туура келет экен. Бул сумма эркин экономикалык аймактын өнүгүүнү көздөгөн максатына туура келер бекен? Мындай көлөмдөгү инвестиция менен эркин экономикалык аймак “гүлдөп” кетиши күмөн.

Өлкөдө акыркы жылдарда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын алкагында ишкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер каралды. Өлкөнүн 30дан ашык калктуу конуштарынын тизмеси аныкталып, өнөр жай ишканасын ачкан ишкерлерге жеңилдетилген салыктын түрү киргизилди. Бул өзүнчө эркин экономикалык аймакка тете иш. Айрым бир ишкердүүлүк боюнча аракеттеги салык Кодексине саресеп салсак, анда өнөр жай субъекттерине каралган жеңилдиктер менен бирге, “Эркин экономикалык аймактын субъектинин иши салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат” деп ташка тамга баскандай жазылып турат. Чет элдик инвестор үчүн жалпы саны 107ге жакын жеңилдетилген салыктын түрү каралыптыр. Ошондо “Бишкек” эркин экономикалык аймагы эмнеден “аксап” жатат?

Негизи депутаттардын көтөргөн маселеси жөндүү. Кыргызстанда эркин экономикалык аймак институтунун пайда болгонуна отуз жылдан ашканы менен аталган тармак ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу эң начар өнүккөнүн моюнга алышыбыз керек. ЭЭАнын колго илешерлик ийгилиги жокко эсе. Өлкөнүн аймагында катталган “Бишкек”, “Маймак”, “Нарын”, “Лейлек”, “Каракол” эркин экономикалык аймактарынын бирөө гана дал ушул “Бишкек” ЭЭАсы гана иш алып барууда. Калганы кагаз жүзүндө “өмүр” сүрүп келет.

КМШ өлкөлөрүнүн арасында Өзбекстанда эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгү жакшы жолго коюлганын белгилесек болот. Аларда 22 ЭЭА болсо, анын ичинен Навои, Ангрен жана Жиззак эркин индустриалдык экономикалык аймактары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кечирээк өз ишин 2008-жылы баштаганы менен саамалыктары арбын экен. Кошуна өлкөнүн тажрыйбасына таянсак, негизинен резиденттер мүлк салыгын жана жер салыгын төлөөдөн бошотулат экен. Ошондой эле, жер тилкелери ЭЭАнын бардык мезгилине бекер берилерин, мындан тышкары, эркин экономикалык аймактын дирекциясы өз өнөктөштөрүнө бардык керектүү кызматтарды көрсөтүп, бирдиктүү терезе катары кызмат кыларын айтышат.

Негизи эркин экономикалык аймактар бизнес жүргүзүүчү субъектинин бейиши болушу кажет. Айрым эксперттердин пикири боюнча ЭЭАны өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу инфраструктураны – электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана тосулган аймакты түзүп, административдик тоскоолдуктарды кыскартуу зарылдыгын, ошону менен бирге аймактагы саясий стабилдүүлүк жана инвестициялык кепилдиктер инвесторлордун чечимдерине олуттуу таасирин тийгизерин билдиришет. Маселен, “Бишкек” эркин экономикалык аймагы алгачкы 12 жыл жемиштүү иштептир. Төрт миңден ашык жумуш оруну түзүлүп, резиденттер жыл сайын 500 млн сомдон ашык салык төлөшүп, ал эми продукциянын 70 пайызы экспортко кетчү экен. ЭЭАнын өнүгүшүнө эмнелер жолтоо болот? Салык мыйзамдарынын тез-тез өзгөрүп турушу, эң башкысы саясаттын өндүрүшкө аралашуусу аймактын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип келе жатыптыр. Саясий жеке көз караштын кесепетинен кошуна өлкөлөргө орун которуп кеткен ишкерлер болуптур. Ошондой эле Советтик башкаруу бийлигинен арылуу дагы маанилүү экен.

Чынында эркин экономикалык аймактар колдоого муктаж. Анткени, кошуна өлкөлөрдөгү ЭЭА атаандаштыгын эске алалы. “Коммерсанттын мекени болбойт” деп коёт. Алар пайда көрүүгө жагымдуу жакка ооп кете бирешет. Азыр Кыргызстанда эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү боюнча бирдиктүү саясат жок. Ошондуктан, эркин экономикалык аймактарды муунтпай, жардам берүү эл өкүлдөрүнүн дагы милдети.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Шекербек КАЛЫКОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!