"Эркин-Тоо"

Экономикалык жана социалдык инфратүзүм объекттерин каржылоо мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Бишкек шаарында 2021-жылдын 9-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2019-жылдын 8-августундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашууга (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 28-июлунда кабыл алынган.

Аталган мыйзам Бишкек шаарында 2021-жылдын 9-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2019-жылдын 8-августундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-катын  ратификациялайт.

Макулдашуу-катына 77 айылда, 36 айылдык аймакта жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарындагы 5 шаарда экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу (экономикалык инфратүзүм объекттерин каржылоо), баштапкы медициналык-санитардык жардамга жана  гигиенага жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жолу менен (социалдык инфратүзүм объекттерин каржылоо) COVID-19 пандемиясынын жайылышына байланышкан социалдык-экономикалык кырдаалга таасир этүүнү жумшартуу максатында кол коюлган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!