Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек инвестициялык саммитинде мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө инвестициялардын маанилүү ролун белгиледи. Акыркы беш жылда жаңы инвестициялык долбоорлордо кичи жана орто бизнестин үлүшү 5,7%дан 1,3%га кыскарган. Ар бир өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүшү көптөгөн факторлордон көз каранды, бирок алардын ичинен эң негизгиси чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, өндүрүлгөн продукциянын экспортко багытталуусу болуп саналат. «Кичи жана орто ишканалар өздөрүнүн мобилдүүлүгүнүн, ийкемдүүлүгүнүн, ишке карай инновациялык мамиле кылуусунун аркасында ар кандай өзгөрүүлөргө ыкчам көнүүгө, жаңы продукцияны тез өндүрүүгө жөндөмдүү. Натыйжада, чакан жана орто бизнестин эсебинен оптималдуу чарбалык пропорциялар түзүлөт жана сакталат. Ошондуктан, биз мындан ары да кичи жана орто бизнести жигердүү колдоого, инвестициялоого жана алардын ишмердүүлүгүн күчөтүүгө, алдыңкы технологияны өздөштүрүү үчүн өз ара өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого тийишпиз» деди Акылбек Жапаров.
№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Жылдыз ДЫЙКАНОВА

