"Эркин-Тоо"

Экономиканын ыкчам өсүшү – мамлекеттин ылдам өнүгүүсүн камсыздайт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, экономиканын өсүшү, Улуттук банктагы алтын запасы, ЖЭБди модернизациялоо, “Камбарата 1дин” курулушу сындуу калктын назарындагы орчун суроолорго жооп берди. Учурда Мамлекет башчысынын маеги боюнча кеңири талкуу жүрүп жаткан чагы. Маселен, ушул жылдын 1-кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү болуп көрбөгөндөй секирик жасап, 8,8%ды түздү. Бул акыркы жылдардагы эң ири көрсөткүч экенин белгилеп коюшубуз шарт. Былтыркы жылды эле карасак, 1-кварталынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өсүү темпи 3 эсеге жогорулаган. Албетте, бул жөн эле айтылган сандар эмес, бүгүнкү бийликтин, тагыраагы Президенттин командасынын акыркы үч жылдагы күжүрмөн эмгегинин натыйжасы десек жаңылышпайбыз.

Экономиканын мындай өсүштү камсыздоого кайсыл тармактар салым кошконун Мамлекет башчысы бирден тизмектеп, «Кумтөр», «Альянс алтын» (Жерүй), «Алтын кен», «Нур телеком», «Скай Мобайл» (Bitel), «Альфа Телеком» (MegaCom), «Ред Петролеум» (Альфа Ойл), «Партнер нефть», «Газпромнефть», «Топ ночь», «Айыл Банк», «Оптима» сыяктуу компаниялар алдыңкы орунду ээлегенин айтты.

Президенттин сөзүн өлкөдөгү өсүштөр тастыктап берүүдө. Бир эле тармагын айта кетсек, 2021-жылдан бери карай курулуштун көлөмү жогорку деңгээлге жетти. Айрыкча социалдык объектилерди куруу багытында эбегейсиз чоң жумуштар аткарылууда. Акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулду. 2023-жылдын аягына чейин билим берүү тармагынын 140 объектисинин курулушу аяктаса, Баткен облусунда 417 турак жай жана 23 социалдык объект пайдаланууга берилди. Мына быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында өлкөдө 100 өнөр жай жана 100 социалдык объект ачылганы турат.

Президент өз сөзүндө экономиканын өсүшүнө, инфляциянын ылдый кармалып турушуна Улуттук банктын салымы чоң экенин белгилеп, жалпы эл аралык резерв бүгүнкү күнгө 3 миллиард 491 миллион долларга жеткенин билдирди. Асыресе, эгемендикке жеткенден бери карай 30 жылдын аралыгын сыдырсак, 2020-жылга чейин эл аралык резервибиз болгону 2 миллиард 424 миллион доллар болгон экен. Улуттук банк жигердүү иши менен 3 жылдын ичинде 1 миллиард 67 миллион долларды үстүнө кошуп отурат. Бул эбегейсиз чоң сумма. Эмне үчүн буга чейин мындай иштер аткарылган эмес деген суроо азырынча жоопсуз бойдон турат, бирок убагы келгенде айтылар.

Мамлекет башчысы алтындын запасы боюнча да айтып, 2020-жылга чейинки 30 жылдын аралыгында болгону 16 тонна алтын чогулган болсо, так ушул күндө Улуттук банкта 51 тонна алтын бар экенин билдирди. Мындайча айтканда, кыска аралыктагы 3 жылдын ичинде 35 тонна алтын кошулган. Айырмасы көзгө даана тартылып турат, 30 жылда 16 тонна жыйналса, 3 жылда 35 тонна топтолгон. Бул дагы өтө чоң көрсөткүч. 30 жылдын ичинде кыргыздын алтыны уурдалып келгенин баарыбыз билчүбүз, бирок элдин үнүн жетекчилер уккан эмес. Мамлекеттин байлыгын көз көрүнөө тоногондугунун далили жогорудагыдай сандар менен тастыкталууда. Элдин алтынын кемирип кеткендер иликтенип, жазага тартылышы керек.

 

Мындан сырткары, Улуттук банк инфляциянын деңгээлин бүгүнкү күнү 5,2 пайызга чейин түшүргөнү Президент тарабынан айтылды. Чындап эле салыштырып карасак, башка өлкөлөргө караганда бүгүн бизде инфляция ылдый болуп турат. Бул Улуттук банктын туура саясат жүргүзгөндүгүнүн жыйынтыгы десек жаңылышпайбыз. Жигердүү чаралардын аркасында инфляциянын жылдык деңгээлин 2022-жылдын декабрындагы 14,7%дан 2023-жылдын декабрында 7,3%га чейин төмөндөтүлгөн. 2024-жылдын 23-февралына карата ал 5,2% түздү. Албетте, инфляциянын калыптанышына тышкы факторлор таасирин тийгизүүдө. Бул негизинен тышкы чөйрөдө геосаясий тирештерге шартталууда. Азык-түлүк товарларына баанын өсүшү улам жайлап баратканын көрүп турабыз. Мисалы, 2023-жылдын акырына карата азык-түлүк эмес товарларга баанын өсүшү 3,4%га төмөндөсө, 2022-жылдын акырына карата 15,8%ды түзгөн.

Садыр Жапаров карыздарды төлөө боюнча дагы жооп берип, “Сырткы карыздарыбыз боюнча жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейинчи. Ушуну менен сырткы карыз деген теманы унуткулачы. Мындан кийин сырткы карыз боюнча жооп да бербейбиз. Албетте түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбеген жарандарыбыз сырткы карызыбыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн. Биз аларга мындан ары көңүл бурбайбыз! 2020-жылга чейин 5 миллиард доллардын тегерегинде сырткы карызыбыз бар эле. Бул сумма 30 жылдан бери чогулган сырткы карыздар болчу. Бул суммага акыркы убактагы Датка-Кемин, Түндүк-Түштүк авто жолу жана ЖЭБди модернизациялоодон башка көрүнүктүү иштер жасалган эмес” — деди.

Чындыгында эле аталган 3 долбоор 40 жылда өзүн-өзү актабаган, пайда алып келбеген долбоорлор болуп калганын билебиз. Ооба, учурунда бул үч долбоор тең бизге керек болгон. Үчөөсү тең Кыргызстанга аба менен суудай зарыл эле. Бирок, аны олчойгон кредиттер менен эмес, чакан сумма менен бүтүрсө болмок. Ошондой эле алынган кредиттерге тыкыр көзөмөл салып, жемкорлорго уурдатпоо зарыл болчу. Баарына маалым болду, ал иштер 2-3 эсе кымбат жасалган. Бааларды азыр салыштырганда мурункулардын кыянатчылыгынын бети сыйрылууда. Президенттин да каңырыгы түтөп: “Ушундай эле курулуштар, ушундай эле иштер керек болсо, Европа өлкөлөрүндө биздикинен 2-3 эсе арзан жасалган болуп чыкты. Мисалы, ЖЭБдин курулушуна канча каражат кетет экенин ушул тармакта адистикке окуп жаткан бешинчи курстун студенти деле эсептеп берип коймок” — деди. Мамлекет башчысынын сөзүндө калет жок, ЖЭБди модернизация кылгандар бир кычкачты 600 долларга алганын баарыбыз билебиз.

Ошол эле Түндүк-Түштүк жолу, Датка-Кемин деле ушундай кымбат курулган. Маселен, Түндүк-Түштүк жолунун капталынан жарым метр кыскартып кымырганы, ал эми Датка-Кеминдин бир чакырымы миллион долларга курулганы айтылып келет. Албетте, буга кредит берген тараптар же өлкөлөр күнөөлүү эмес, өзүбүздүн элди ойлобогон бийлик менен жемкор чиновниктер айыптуу. Миллиондогон акчаларды уурдап, жеке өздөрүнүн кызыкчылыгын чечишкен. Мына ушундайдын айынан миллиарддаган карызга баттык. Учурунда карыз эң башкы көйгөйгө айланып, элден акча чогултуу демилгелери көтөрүлгөн. Ал демилге ишке ашпай калганда карызды жабуу үчүн кен байлыктарды берүү боюнча ойлор ортого салынып, элдин кулагы бышырыла баштаган эле. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин ал коркунуч жоголду. Карыз төлөөнүн туу чокусуна чыкканыбызга карабай былтыр эч кыйынчылыксыз 344 млн доллар төлөгөнбүз, быйыл 400 млн доллар төлөйбүз. Кыскасы, ушул мезгилге чейин чогулган 5 миллиард доллар сырткы карыздарыбызды бүгүнтөн баштап 2035-жылга чейин төлөп бүтөбүз.

Өлкөдө тынчтык жана стабилдүүлүк болуп турса эле эч кыйналбай төлөп коёрубузду билдирген Президент: “Буга чейинки карыздарды элдин эсебинен, жалпы Республикалык бюджеттен төлөйбүз. Себеби буга чейинки бир да өзүн өзү актаган долбоорлор жок. Алынган акчанын баары кумга сиңген суудай болуп, жок болуп кеткен. Ал эми азыр алып жаткан карыздардын ар бир долларын конкретүү долбоорлорго жумшайбыз. Өзүн өзү актай турган долбоорлого алып жатабыз. Бир эле мисал келтирейин. “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушуна 5-6 миллиард доллардын тегерегинде акча каражаты жумшалат. Бул долбоор бүтүп ишке киришкен күндөн баштап 13-15 жылда өзүн өзү толук актайт. Бул долбоорго кеткен карызды кайтаруу убагы келгенде Республикалык бюджет, эл төлөбөйт. Карызды кайтаруу мөөнөтү келгенче эле “Камбар-Ата 1” ГЭСи өзүн өзү актап бүтөт” — деди.

Бул жерде кантип деген суроо туулушу мүмкүн. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 500 миллион долларды пайызы жок, 10 жылдык льготалык мөөнөт менен 50 жылга берип жатыптыр. Мындай шарт менен кредит алуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болгонун да айтып койгонубуз оң. Бул факты дагы азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан саясаттын туура багытта баратканын далилдейт. Мурункулар дагы ушундай негизде кредиттерди алганда, бүгүн бизге кыйынчылык жаралмак эмес. Карызды төлөй турган 400 миллион долларга далай социалдык обьектилерди (бейтапканаларды, мектептерди, бала бакчаларды) куруп, жүздөгөн чакырым жолдорду салмакпыз.

Көңүл сүйүнткөнү, “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу мөөнөтү 8-10 жыл экен. Курулуп бүтүп, иштеп баштары менен пайда бере баштайт. Тактап айтканда, дароо киреше берет. Курулушка кеткен 5-6 миллиард доллар акчаны 13-15 жылда толук актап бүтөт. Ошондо “Камбар-Ата 1ге” кеткен чыгымды куруу мөөнөтү менен кошуп эсептегенде эң узак дегенде 25 жылда толук актайт. Ошондуктан, Президент айткандай мындан ары сырткы карызыбыз 10-15 миллиард долларга чыкса дагы эч кам санабасак болот. Эң негизгиси буга чейинки карыздарыбызды 2035-жылга чейин толук төлөп бүтөбүз. Андан ары канча суммада карыз болсок дагы ал карыздарды ар бир долбоор өзүн актап, өзү төлөп кете берет. Республикалык казынага, элдин чөнтөгүнө күч келтирбейт.

Садыр Жапаров маегинин аягында: “7-8 жылда өзүн өзү актачу кичи жана орто ГЭСтердин долбоорлорго инвестиция тартышыбыз керек. Биз азыр дүйнөлүк климаттык фондко кайрылып жатабыз. Эгер алар жардам бере турган болсо, биз толук жашыл энергетикага өтүп кетебиз. Башка тармактарда дагы көптөгөн долбоорлорубуз бар” — деди. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Эми көзүбүзгө көрүнүп турган демилгелерди жапатырмак колдоого милдеттүүбүз.

 

Зулпукаар САПАНОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!