"Эркин-Тоо"

ЭКРЕМ ИМАМОГЛУ ЭМНЕГЕ АЙЫПТАЛУУДА?

Түркиянын Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну мамлекеттик укук коргоо органдары кармап кеткени маалым болду. ЖМКлардын берген маалыматына таянсак, ага «коррупция жана террордук топко көмөктөшкөн» деген айып тагылган. Түркиянын оппозициялык Республикалык элдик партиясы бул көрүнүштү “болочок президентке каршы кутум” деп билдирүү таратканы айтылууда. Түркиянын расмий ЖМКлары жайылткан кабарларына караганда Экрем Имамоглудан тышкары анын басма сөз катчысы менен мэриянын 100дөй кызматкери да кармалган. Полициянын баш кеңсесинин алдына 19-мартта алардын тарапташтары чогулганы жарыя болду.  Ага чейин Экрем Имамоглунун үйүндө тинтүү жүрүп, “кылмыштуу уюмду жетектөө, паракорлук жана тендер өткөрүүдө көз боемочулукка барган” деген айып тагылган. Түркия Полициясынын башкы имаратынын жанына чогулган 100дөй киши Экрем Имамоглуну камакка алууну “Түркиянын демократиясына каршы кутум” деп айтып чыгышкан. Полициянын имаратына кеткен жолго мамлекеттик күч түзүмдөрү полициянын атайын отряды жана суу бүрккөн машиналар менен бөгөт койгон. Стамбулдун губернатору Экрем Имамоглу кармалгандан кийин, Стамбулда митинг-демонстрацияларды өткөрүүгө тыюу салган чечим чыкканы жарыяланды.

Экрем Имамоглу өзүнүн Х социалдык тармагына жайгаштырган видео материалында, ага карата жасалып жаткан кысымга моюн сунбай турганын билдирген: «Элибиздин эркин узурпация кылууга аракеттенген бир ууч киши мен сыйлаган полицияны, коопсуздук күчтөрүн мындай кыянаттык үчүн курал катары пайдаланганы, мага каршы жүздөгөн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн Стамбулдун 16 миллион жашоочусунун эшигинин алдына чогултканы өкүнүчтүү. Биз эбегейсиз зулумдукка туш болдук, бирок мен өз позициямдан кайтпай турганымды билгиле” – деп жалпы элге кайрылган. Ал 2028-жылы өтө турган Түркиядагы президенттик шайлоодо оппозициянын негизги талапкери болуп, негизги атаандаш болот, – деген божомолдор айтылып келген. Э. Имамоглу Стамбул шаарын экинчи мөөнөт башкарып жатканы жалпы коомчулукка маалым.

Дүйшөмбү күнү Стамбул университети анын жогорку билимин тастыктаган дипломун жокко чыгарган. Университеттин билдирүүсүндө, Э. Имамоглу менен бирге 38 студент 1990-жылы англис тилдүү менеджмент факультетине мыйзам бузуу жолдору менен которулганы, анын ичинен 10 студенттин которулганы жокко чыгарылганы, калган 28 бүтүрүүчунүн диплому Жогорку билим тууралуу кеңештин жоболоруна ылайык “жараксыз” деп табылганы тастыкталган. Экрем Имамоглунун адвокаты «Рейтер» маалымат агенттигине, дипломго байланыштуу эч кандай мыйзам бузуу болбогонун, бул иш боюнча окуу жайдын оң чечимин күтүп жатканын билдирген. Түркиянын Баш мыйзамында, Түркиянын президенттигине талапкер сөзсүз жогорку билимдүү болушу керек, – деп көрсөтүлгөн. «Рейтер» маалымат агенттиги “Netblocks” компаниясына шилтеме менен Экрем Имамоглу мамлекеттик укук коргоо органдары тарабынан кармалгандан кийин, бийлик “YouTube,” “Instagram,” “TikTok” өңдүү социалдык түйүндөрдү чектегенин маалымдаган. Түркиянын расмий бийлиги, Экрем Имамоглунун ишинин артында саясат турат, – деген анын тарапташтарынын билдирүүсүн четке кагып, сот системасы көз карандысыз чечим кабыл алган мамлекеттик орган экенин баса белгилеген.

Бахпурбек Аленов