"Эркин-Тоо"
Күн собол Эркин Тоо гезити

Экс-депутат Айнуру АЛТЫБАЕВА: “ЖАҢЫ МЫЙЗАМДА ЧЫНЫГЫ ЛИДЕР АЙЫМДАРГА МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮЛДҮ”

Президенттин Жарлыгынын негизинде 30-ноябрда Парламенттик шайлоо өткөнү турат. Бул шайлоо мурдагыдан айырмаланып, бир топ жаңы эрежелер менен өтө турган болууда.

– Эмки шайлоо көп мандаттуу мажоритардык система менен өтөт.  Шайлоо округ 30га  бөлүнүп, ар бирине 3 мандаттан берилет. Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү – 3 мандаттын бирөө аял кишиге берилет. Бул эксперттер тарабынан иштелип чыккан абдан жакшы система. Мисалы, кийинки 8-чакырылышка  жок дегенде 30 айым шайланып келет. Мен билген бир топ лидер айымдар бул мыйзамдын жакшы ченемдерин эске алып, шайлоого катышууга аракет кылышууда.  Аялдар 10% болсо, көптөгөн социалдык маселелер көтөрүлөт, 20%ды түзсө, ушул маселелер талкууланат, ал эми 30 %дан кем эмес болсо, бул маселелер чечилет деген көптөгөн эл аралык статистикалык изилдөөлөр бар. Ошондуктан, жаңы мыйзамда чыныгы лидер айымдарга мүмкүнчүлүк түзүлдү деп ойлойм. Өкүлчүлүк – Жогорку Кеңештин эң негизги функциясы. Ал Эми Кыргызстандын 52%ын  аялдар түзөт. Мына 3-чакырылышта бир дагы депутат айым шайланып келген жок. Ошол чакырылыш да тез арада эле тарап кеткен. Ошондо мыкты лидер айымдар, юрист айымдар менен биз чогулуп, ушул маселе боюнча жөнөкөй тил менен айтканда квота иштеп чыкканбыз. Мындай нерсе эл аралык практикада да бар болгону менен, ошол убакта бир топ сынга алынган. Баш мыйзамда  атайын убактылуу чаралар деп айтылат. Сынга алынганы менен, менин оюмча туура эле система кирген. Коомдо сөзсүз социалдык группалардын өкүлдөрү башкача айтканда жаштар, аялдар деген демократиялык ченем болчу. Ошол квота, мыйзам иштеп, 4-чакырылышта Жогорку Кеңешке аялдар келди. Ошондон бери квота бар. Анализдеп көрсөк, ошондо айрым айылдык кеңештерде таптакыр депутат айымдар жок болчу. Ошондон кийин айылдык жана шаардык кеңештин шайлоо мыйзамдарына да квоталарды киргизгенбиз. Андан бери жергиликтүү кеңешке эки жолу шайлоо өттү. Акыркы жергиликтүү кеңештин шайлоосунда айылдык кеңешке 37% аялдар келген. Айтор бул иштер оңой менен болгон жок. Ал эми азыркы шайлоо мыйзамы боюнча 2020-2021-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында жумушчу топ түзүлгөн. Биз бир нече жолу сунуштаганбыз. Мисалы, кайсы бир депутат мандатын тапшырып, башка жумушка кетип, депутаттык бош орун болуп калса, ошол мандат ошол округдан кийинки келе турган  депутатка шайлоо өткөзүлбөй эле берилиши керек.  Жок болбой эле жаңы мандатка кайрадан шайлоо болсун деп эреже киргизип коюшкан. Азыркы мыйзамда бош орунга кийинки тизмеде турган талапкер мандатка ээ болууга укугу бар. Бул бюджетке да пайдалуу, анын үстүнө кайра-кайра шайлоо болгон тынчтыкты бузат, алагды кылат. Ошондуктан бул эреже азыркы шайлоо системасындагы жакшы ченем.

Саясат талдоочу Бакыт БАКЕТАЕВ: “Аял кетсе, ордуна аял киши келет”

– Бул шайлоо системасынын жакшы жагы, биринчиден аялдарга орун берилди. 30 аял киши депутаттык мандат ала алат. Аял кетсе, ордуна аял киши келет. Экинчи жакшы жагы, ар бир округдун өзүнүн депутаты болот. Өлкө боюнча 30 округга бөлүндү, ар бир округдан үчтөн депутат шайланат. Мурда андай жок болчу. Эң негизги эки жаңылык, жакшы жагы ушундай болууда.

Серепчи Эмил ЖОРОЕВ: “Менимче партиялардын катышуусу күтүлбөйт”

– Келе жаткан 30-ноябр-га белгиленген жаңы шайлоо толугу менен жаңы шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлмөкчү. Ал мурдагы шайлоо мыйзамына караганда таптакыр башкача, кескин өзгөрүүлөр орун алды. Алсак, пропорционалдык партияларга байланган, кандидаттардын тизмеси деген нерсе такыр жок болду. Кааласа партиялар да катыша алмак, бирок катышуу үчүн алар ар бир 30 шайлоо округунан  өздөрүнүн кандидаттарын даярдаш керек болчу. Бирок, ар кандай уюштуруу чыгымдарына, кыйынчылыктарына байланыштуу азырынча менимче партиялардын катышуусу күтүлбөйт. Эгер партиялар катышып калса деле алар түз эмес, кыйыр жол менен гана ар кандай жеке өзүн өзү көрсөткөн гана талапкерлердин партияга байланышы болсо, партиялык мүчөлүгү болсо, ошол аркылуу гана катышуусу мүмкүн болот. Бирок, жалпысынан Кыргызстанда бүт өлкө аймагы 30 шайлоо аймагына бөлүнүп, алардын албетте көпчүлүгүндө кандайдыр бир буга чейин белгилүү болгон райондордун чектерине туш келбей, кээде кайсы бир башка райондордун, айылдары кошулуп калган учурлар болуп жатат. Ал бир аз шайлоочулар үчүн кыйынчылыкты туудурушу мүмкүн. Анткени, кайсы бир талапкерлердин негизги басымдуу шайлоочулары бир райондон болуп, ошол калып калган кошулуп калган экинчи райондун өкүлдөрүнө, айылдарына, аймактарына анчейин көңүл бурулбай калышы деле мүмкүн. Бирок, кандай болгон күндө деле добуш теңме-тең бирдей салмакка ээ болот деген түшүнүк менен албетте ар бир шайлоо округунан бирден добуш ала алат. Ар бир шайлоо округунан шайлоочу бир добуш бере алат. Экинчиден ошол 30 шайлоо участогунан 3 депутат шайланмакчы. Анын бирөөсү сөзсүз түрдө аял киши болот. Ал канчанчы орунда келсе да айырмасы жок, мандат алат. Аялдардын ушундай жол менен катышып калуусу, анан кеминде 30 аял кандидат болуп келээри менимче албетте жакшы жышаан. Эми ошого жараша аял кандидат талапкерлердин арасында эң татыктуу, ошол парламенттик ишти, мыйзам чыгаруу ишин, көзөмөлдөө ишин жакшы билген, активдүү, тажрыйбалуу кишилер келсе, менимче өтө жакшы болот. Ар бир шайлоо аймагынан 3 талапкер шайланат дегендиктен, албетте жарыш өтө күчтүү болмокчу. Анткени эгер бир эле мандат берилсе, анда албетте шанс балким азыраак экен деп, көп кишилер катышуудан деле баш тартышмак. Бирок, азыртан эле көрүнүп турат. Өтө көп талапкерлер каттоодон өтүшүүдө. Андыктан жандуу шайлоо өнөктүгү жүрөт. Анан ошол шайлоо компаниясынын бир өзгөчөлүгү, менимче анчейин жакшы эмес жагы, ар бир талапкер ошо өзүнө тиешелүү аймактын гана маселелери менен ошол аймактын гана шайлоочулары менен, ошол аймактын гана мүдөөлөрү менен алпурушуп калат. Өлкөнүн масштабындагы, Кыргызстандын жалпы мамлекет катары алдында турган маселелери боюнча алгылыктуу, туруктуу, маңыздуу жарыш, талкуу менимче орун албай калышы мүмкүн болуп жатат. Албетте, баарыбыз билгендей Жогорку Кеңеш ар бир аймакка тиешелүү институт эмес, ал өлкөнүн эң маанилүү, эң чоң өкүлчүлүк институту. Анан ар бир депутат дагы ал шайланып келгенде баланча жердин же баланча округдун гана депутаты деп эмес, жалпы Кыргыз Республикасынын депутаттары болмокчу. Андыктан ошол шайлоо компаниясынын алдында талапкерлер өлкөнү унутуп коюп, жергиликтүү маселелер менен, жергиликтүү доомат, көйгөйлөр менен гана чектелип калбаса экен деген үмүтүм бар. Экинчи жагынан кайсы бир адамдарга жагымдуу жагы буга чейин, өзгөчө саясий партиялар мамлекет боюнча, өлкө боюнча добушка жарышкан да, андыктан алар жалпы өлкөнүн масштабындагы маселелерди көтөрүп келген болсо, азыр жергиликтүү шайлоочулар менен сүйлөшүп жатканда жашоочулар, шайлоочулар өзүнө тиешелүү жакыныраак болгон, түздөн-түз талкуулай ала турган, чечиш керек болгон маселелерди мүмкүн эффективдүүрөөк түрдө талкуулай алат. Кайсы гана маселе болбосун чечилиши шайлоо өтүп, парламентте каралчу иш. Тилекке каршы айтылган маселелердин бардыгын оңунан чечип кеткенге ресурстар да, мүмкүнчүлүк дагы, саясий кырдаал дагы көбүнчө жол бербей коет. Бирок, кандай болгондо дагы ар бир депутаттын түздөн-түз чектелүү бир шайлоочулардын тобуна байланганы аларга, алардын алдында жоопкерчилик тартат деген күтүү болгону албетте жакшы. Чындап ошол жоопкерчилик жоголбой, беш жыл бою кармалса, анда жакшы. Азыркы чакырылыштын 36 депутаты жергиликтүү бир мандаттуу шайлоо округдарынан келген. Ошолорду эле карап койсок болот. Ошолор өздөрүнүн шайлоочуларынын үнүн жеткире алдыбы, маселелерин чече алдыбы, жок дегенде көтөрө алдыбы? Буга албетте ар биринин шайлоочулары өздөрү жооп бере алат. Ал эми шайлоодон кийин анын жакшы жагын улап, жаман жагын оңдоп кетүү ар биринин алдындагы маселе.

Жазнура Токтоболотова