"Эркин-Тоо"

Экс-Премьер-министр Амангелди МУРАЛИЕВ: «Экономиканы көтөрүш үчүн элден өткөн күч жок»

— Амангелди Мурсадыкович, эгемендиктин алдыңкы жылдары Премьер-министрликке чейинки чоң кызматтарда ийгиликтүү иштедиңиз. Бирок акыркы 10-15 жыл аралыгында бийлик секисинен көрүнбөдүңүз. азыр эмне менен алексиз?

— Саясат чөйрөсүндө жүргөн адамдар, ырчы-акындар элдин көз алдында болот. А биз эми өзүбүз менен өзүбүз болуп, Кудай берген жолду жолдоп жүрөбүз.

— 2005-жылы революция болгондо сиз өнөр жай жана соода министри болчусуз. Кийинки бийлик сизге кызмат сунуш кылган жокпу же сиз өзүңүз мурдагы бийликке сый-урматыңыздан, берилгениңизден кызматка барбайм деген жеке чечимиңиз болгон беле?

— Революция болгондон кийин жарым жылдай иштедим. Анан президенттин командасы мага сунуш кылышты “рахмат, иштедиңиз, эми ордуңузду бошотуп бериңиз” деп. Менден кийин Атамбаев келди. Аны мен өзүм тосуп алып жамаатка тааныштырып, анан кеткем.

— Сизге ошол боюнча 2010-жылдагы экинчи революциядан кийинки учурду эске албаганда башка сунуш болгон жокпу?

— Ооба, андай сунуштар болгон жок.

— 2010-жылы революциядан кийин оор мезгилде Техникалык өкмөттө 1-вицепремьер-министр болдуңуз. Көпчүлүк сизди ошондо Премьер-министр болот го деп күтүп атышты эле. сиздин кызматта калбаганыңызга эмне себеп болду деп ойлойсуз?

— Бул мындай. Мен сөзгө турган адаммын. Роза Исаковна иштеп бериңиз деп сунуш кылды. Убактылуу Өкмөттөгүлөр Роза Исаковна Президенттин дагы, Премьердин дагы ишин аткарсын деп сүйлөшүшкөн экен. Биринчи вице-премьер-министр толук экономика жагын тейлейт, бирок экөөсү тең Өкмөт башчылыкка да, Президенттикке да барбайт деген макулдашуу бар экен. Мен макул болдум. Бул учур өткөөл мезгил болуп калды. Мамлекеттик башкаруу мыйзам талаасынан чыгып калды. Убактылуу Өкмөт декреттер менен башкара башташты. Техникалык өкмөт деген Конституцияда жок эле, ошентсе да аны түзүү процесси Конституцияга жакындатылып түзүлдү десем болот. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү парламенттин да ролун аткарып калышкан, биз алардын кароосунан өтүп, иштей баштадык. Ош окуясы болду, анын кесепеттеринен канча өмүрлөр кыйылды. Бир топ менчик жана мамлекеттик имараттар талкаланды. Аларды калыбына келтирүү биздин мойнубузда болду. Экинчиден, экономика токтоп калган. Казак, өзбектер бажы пункттарын жаап салышкан. Биринчи кезекте үч бажы постун ачтык. Ошондо Казак өкмөтү жардам берди. Мен көпчүлүгү менен таанышмын. Тааныштарды ортого салып Роза Исаковна Назарбаевге чыкты. Биз дайындалганда эртеси эле жардам көрсөтүү үчүн Назарбаевдин тапшырмасы менен Казакстандан Биринчи вицепремьери баш болгон топ келди. Постторду ачтык, энергетика тармагы көңүл борборунда болду. Ошондо 1-ноябрда жылуулук бердик, а 1-ноябрда 25 градус күн жылуу болду. Энергетиктер келип: «Токтотолу, эл айнектерин ачып жатат» — дешти. Мен макул болгон жокмун. Эл мына убагында жылуулук келди деп Өкмөткө ишениши керек да. Экономиканы көтөрүш үчүн элден өткөн күч жок. Биз элге ишендик. Бажы ачылгандан кийин ишкер адамдар, соодагерлер иштеп кетишти. Айыл чарбага сугат суу, күйүүчү май, кредиттер менен колдоо кылып, айыл чарбасы да иштей баштады. Ошентип экономика өзүнүн темпине чыкты. Биздин максат ошондой шартта өтө төмөндөтпөй кармаш керек болгон. ИДПнын темпи 99,5% болуп, 0,5 пайызга гана төмөн болду. Дагы бир милдетибиз шайлоону өткөрүү болгон. Шайлоо таза өттү. Парламент шайланып келгенден кийин жаңы башкаруу системасы боюнча партиялык тизме менен келген партиялар Өкмөттү түзүштү. Биз 21-декабрга чейин иштедик. Бизге коюлган милдеттерди бүт аткардык да сөзүбүзгө туруп кызматтан кеттик. Менде Премьер-министр болом деген ой болгон жок. Роза Исаковна да сөзүнө турган, бийик инсандык сапаты бар адам. Ал саясий оюндарга барган жок.

— Сизди кызматка Отунбаева өзү чакырдыбы?

— Чакырды, барып сүйлөштүк. Көпкө ойлонуп сага токтодук дешти. Техникалык өкмөттү түзүү да оңой болбосо керек. Алар өз ара макулдашып, атүгүл коңшу мамлекеттердин президенттери да менин талапкерлигимден кабардар болушканын кийин уктум.

— Убактылуу Өкмөт жөнүндө сөз болуп калды, ушуга байланыштуу сизден сурагым келип жатат. азыр да коомубуздун кайсы бир тобу Убактылуу өкмөттүн ошол кездеги декреттери мыйзамсыз деген пикирде. сиз буга кандай карайсыз?

— Мен Убактылуу Өкмөттү сындабайм. Биз техникалык өкмөттө иштедик. Революция болуп. өлкө укуктук вакуумда калды. Бул шартта бир механизм табыш керек эле да. Өлкөнү бул абалдан алып чыгуу үчүн токтом, жарлыктардын ордуна декрет менен башкаруу жолуна өтүштү. Андан башка жол жок болчу да. Россияда Октябрь социалисттик революциясы болгондо да декреттер менен башкарган. «Жер дыйкандарга берилсин», «заводдор жумушчуларга» деген декреттер менен кеткен. Убактылуу Өкмөт ошол тажрыйбаны колдонгон.

— Сексенинчи жылдардын экинчи жарымында Горбачевдук кайра куруунун желаргысы менен элдик шайлоолор боло баштаган эле. сиз борбор шаарыбыздын эл тарабынан шайланган биринчи мэри болдуңуз…

— Ооба, эл тарабынан шайланган биринчи мэр болдум. Демократия, ойлордун ар түрдүүлүгү деген түшүнүктөрдүн шарданы менен шаарга мэрди шайлай турган болдук. Эки адам шайлоого аттандык. Партиянын Борбордук Комитети Ленин райондук аткаруу комитетинин төрагасы Эмил Ибраимовду көрсөттү. Мени заводдун директорлору менен шаар коомчулугу көрсөтүштү. Ошентип, 1988-жылы декабрда шайлоодо жеңишке жетиштим. Мэр болгондон кийин БК өзү биздин тилди албайсың деп мага оппозициялык позицияда болуп калышты. 3 жылга жакын иштедим. Фрунзени Бишкекке котордук, жаңы процесстерди колдодук. Кийин эгемендүүлүк алганда Акаев президент болду, жаңы Өкмөт түзүлдү. Мени мамкатчы, экономикалык комитеттин төрагасы кылып шайлашты. Ошентип эгемен мамлекеттин алгачкы экономика министри да болдум. Реформанын көбүн, кыйынчылыгын биз өткөргөнбүз.

— Акаевди мурда билчү белеңиз?

— Аны менен мамилем жок болчу, мен мэр болуп жүргөндө Акаев академиянын президенти болчу, политехте иштеген учурунда сыртынан таанычумун. Кийин чогуу иштеп деле ага жакындаган жокмун. Башында реформаларды жасайбыз деп бир топ жакшы иштерди жасадык. Кийинчерээк Акаев өзүнүн компетенциясы төмөн кадрларын алып келе баштады.

— 1993-жылы сиз Турсунбек чыңгышевдин өкмөтүндө экономика жана финансы министри кызматынан өз эркиңиз менен Премьерминистрдин саясатына макул эмесмин деп кызматтан кеттиңиз. Бул кандайча болду эле?

— Саясий оюндар болду. Кадрга тийишкенде ар кандай тийишет да, компромат издейт, ордунан которуштурат дегендей. Мага компромат таба албайт. Бирок Өкмөттүн жыйындарында мага каршы ар кандай нерселерди уюштуруп коёт. А мен болсо дайыма бул мындай, тиги тигиндей деп далилдеп берем. Ошентип мамиле курчуп кетти. Анан мага өнөр жай министрине өтпөйсүзбү деп сунуш кылды. Мен соодалашкым келген жок. Премьер-министр менен көз караштарыбыз дал келишпейт деп ачык айтып, кызматтан кеттим.

— Сиз убагында чоң өнөр жай ишканаларын жетектеп тургансыз. Приватташтыруу программасы менен ири өнөр жай ишканалары жок болуп кетти. стратегиялык ишканаларды мамлекет колуна эле кармап турса болбойт беле?

— Мамлекет кармап тура албайт болчу. Акционерлештирип, акционердик коом болсо бай кишилер сатып алат же башка жактан келип сатып алгандар болот деген план болгон да. Бирок андай болгон жок. Союздагы заводдордун баары бир системада иштеген. Мисалы, мен иштеген “Кыргызавтомашта” самосвалдын шассисин Горькийден сатып алчубуз. Акча жок ал келбей калды. Биздин самосвалдарды айыл чарбасы сатып алыш керек болчу, мурда “Сельхозтехника” деген бар эле. Алар сатып алганга акчасы жок. Ошентип союз боюнча өнөр жай ишканалары туруп калды. Эми кемчиликтер болду. Кармап туруш да жөнөкөй иш эмес. Германия бириккенде Чыгыш Германияда миңдеген заводдор, порттор токтоп калган, акча жок.

— ПЕСАК прогаммасы эмне программа эле?

— ПЕСАК бул реструктуризациялоо программасы болчу. Мурда ири ишканалардын социалдык базасы болгон. Жатаканалары, балдар бакчалары жана башка өндүрүштөн тышкаркы нерселердин да чыгымы болгон. Бул пландык экономикага төп келет, рынок экономикасына туура келбейт. Ошон үчүн социалдык чөйрөнү ишканадан чыгарып, ишкана продукция гана өндүрсүн деген план болгон. ПЕСАК өз максаттарына толук жетпесе да бир катар учурларда жыйынтыгы болду.

 — Мисалы кайсы максаттарына жетти деп ойлойсуз?

— Мисал үчүн Ошто “Текстильщик”, “Жибек комбинаты” иштеди. Кадамжай сурьма комбинаты, Сымап комбинаты иштеп турган. Анан ситуация өзгөрдү. “Жибек комбинаттын” орду базар, “Текстильщиктин” орду да базар болуп калды… Сурьма комбинаты токтоп калды. Кадамдай сурьма комбинатынан стадионду, бала бакча жана башка социалдык базасын ажыратканда кайра иштеп кетти. Экономикалык эмес факторлорду жоюп, чыгымдар азайганда продукциянын өз наркы арзандап, ишканага жеңилдик болот да. (Уландысы бар)

Бегим ТУРДАЛИЕВА

№75 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 19-сентябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!