"Эркин-Тоо"

“Эл үмүтү” стипендиясын алууга 63 адам катталган

“Эл үмүтү” стипендиясын алууга 63 адам катталган. Анын ичинен 45 талапкердин арызы талапка жооп берген эмес. Документтердин толук пакети 18 адамда гана болгон. Бул туралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Республикалык комиссия “Эл үмүтү” стипендиясына талапкерлер тарабынан берилген документтерди карап чыгып, алардын негизинде 2023-2024-окуу жылына стипендианттарды тандады.

Белгилей кетсек, КР Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын максаты — Кыргыз Республикасынын таланттуу жаштарына дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында магистрдик жана PhD  деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!