Бүгүн депутаттар жөнүндө көчөгө чыгып эле сурамжыласаң 10 кишинин жок дегенде 8и терс пикирин айтаары турган иш. Муну соцтармактарды колдонуучулардын маанайынан да көрүүгө болот. Депутаттарыбыз эмне үчүн коом аларга жакшы пикирде эмес, ага себеп эмне деп ойлонуп көрүшү керек. Алардын ар бир кылган иши, сүйлөгөн сөзү, жүргөнтурганы элдин көз алдында. Менимче алардын коомдун сынына кабылышынын бирден-бир себеби саясий маданиятынын, сүйлөө маданиятынын эң төмөнкү деңгээлде экендигинде. Бул кечээ жакында профсоюз маселесин кароодо да көрүндү. Депутаттарыбыз бул маселени кароодо профсоюздун азыркы төрагасы Эмил Кызаевде кетпес кеги бардай эле туш-туштан “атака” жасап, болгон “күчүн” андан чыгаргандай болушту.
Кыргыз салтында улуу адамга орой сөз айтуу да туура эмес. Жаш депутат М. Сарыбагышев профсоюз төрагасына омуроолонуп суроолорду берип, “минтип айтпайсызбы, антип айтпайсызбы” деп акыл үйрөтүп жибергенге да үлгүрдү. Дагы бирөөлөрү профсоюз уюмунун жетекчисинин жаш курагына “тийишип”, эмнеге келдиңиз бул жерге, калган-каткандарды сатып аягына чыгарганыбы дегенчелик кылып кыйыткандар, «булар антет, булар минтет» деп «көзү ачыктык» кылгандары да болушту. Профсоюз кеңешин ынтымакка чакырып иштеп жатабыз десе, аны да тескери буруп кычык сөз айтканга барышты. Эми ушу кантип маданиятка жатсын. Эмне ал кишинин чекесине “бул да сатып баарын түгөтөт” деп жазып коюптурбу? Ал киши бул кызматка келгенине 1 жылдан жаңы эле ашыптыр. Бирок белчесинен карызга баткан профсоюздун карызын чекесинен жаап, 20 миллиондон 5 милиону калыптыр. Акыркы 5 жылда Чолпон-Ата эс алуу үйү иштебей, таланып-тонолуп кеткен. Аны оңдоп-түздөп, ишке киргизип жатыптыр. Демек, иш жүрүп жатат. Депутаттарыбыз чакырып алып ак менен караны ажырата албай эле жөн салды сүйлөй беришсе эмне эл жакшы көрөбү? Талкууда депутаттардын ичинен Улукбек Ормонов жүйөөлүү сөзүн айтып, коллегаларын күнөөсүз күнөөлүү кылбоого чакырып, прокуратура өкүлүнөн мына ушул сатылып кеткен обьекттерди кайра кайтаруунун жолун сурады. Мына бул башка кеп. Мурдагы жетекчилердин иши үчүн атасындай болгон адамды жарга такап, опурулуу кыргыз наркына жатпайт. Жаш депутат А. Козуев депутат болбой эле прокурор болуп алса болчудай… Кыскасы 21-июндагы жыйын депутаттардын ички маданиятын дагы бир жолу эл алдына кашкайтып көрсөтүп койду.
Парламенттин комитет жыйынында депутаттар МинКабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен кайым айтышып, эми анын отставкасын талап кылып отурушат. Бул эми алсыздыктын белгиси да. Депутаттар аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн чакырып алып какмалап, сөзүн укпай, бир нерсе десе “сенин бизге минтип айтууга акың жок” деп алкажакадан алмай адатын койбоду. Эмне алар чакырылгандарды жаш баладай кагып, адамдык жана кызматтык абийирине шек келтирип, каалаганын сүйлөсө болот экен да, ал эми аткаруу бийлигинин өкүлү өз чындыгын айтса болбойбу? Элдин атынан биз сүйлөйбүз деп эле ар нерсеге чарпыла берген парламентке аброй алып келбейт. Ушул жагын эл өкүлүбүз дегендер эске ала жүрүшү керек. Депутаттарыбыз бирөө жакпай калса өз “укугун” коргоп, “отставка” деп кыйкыра бергидей алар эмне Кудайдын эрке балдарыбы?
Укуктук өлкө курабыз десек, биринчи аракетти мыйзам чыгаруу бийлиги эл өкүлү катары элге үлгү болуп, өздөрүнөн башташы керек эле. Тилекке каршы андай аракет азырынча байкала элек. Азыр Кыргызстан жалпы эл тарабынан кабыл алынган жаңы Конституция, жаңы башкаруу формасы менен жашап жатканын кээ бир депутаттарыбыз эстеринен чыгаргандай. 2010-жылдан кийин парламенттик башкаруу формасы учурунда өлкөдө 120 депутат болгон бийликти бөлүп алышып, өздөрүн “ажо” сезишип, өлкөдө башаламан башкаруу өкүм сүргөнүнө жакынкы тарых күбө. Азыркылар дагы ошол синдромдон кете албай жүрөт. Өкмөт мүчөлөрүн жыйындан жыйынга чакырып, иштей турган убакытын алып жатканы бир болсо, тескөөчү органдай сурак жүргүзгөнү да чындык. Аткаруу бийлиги иштебей эле депутаттардын суроолоруна жооп берем деп күн бою парламентте жүрүшөт. Ушул көрүнүштү токтотууга учур келип жетти го. Байсаловдун парламентте айткан сөзүндө жан бар. Муну депутаттар дагы моюнга алышы керек. Азыр өкмөттү президент жетектейт. Эл алдында дагы отчётту президент берип жатат. Конституцияда дагы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү кызматтан ким тарабынан алынаары так жазылып турат. Депуттардын укуктары да Башмыйзамда аныкталган. Алар дагы ошол укуктарынан аша чаппашы зарыл. Эдил Байсаловду депутаттардын укугун айтып, андан чыкпоосун суранганы үчүн отставкасын талап кылуу Жогорку Кеңешке эгерим абийир алып келбейт.
Өзүлөрүн нарксыз алып жүрүп, адепсиздикти көрсөтүп, бирок башкалардан адептүүлүктү талап кылган эч акылга сыйбаган нерсе. Албетте, муну менен жалпы депутаттык корпуска сөз келтирүү ниетибиз жок. Сөз ээсин табат деп койчу беле… алардын ар бир кыймыл-аракети элдин көз алдында эмеспи.
80-берене 1.
Жогорку Кеңеш:
1) Конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;
2) мыйзамдарды кабыл алат;
3) мыйзамдарга расмий чечмелөө берет;
4) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет;
6) Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет;
7) республикалык бюджетти бекитет;
8) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчётун угат;
9) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин карайт;
10) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.
2. Жогорку Кеңеш:
1) Президенттик шайлоону дайындайт;
2) Конституцияда каралган тартипте Президентке референдум өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет.
3. Жогорку Кеңеш:
1) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын шайлайт; Конституцияда, конституциялык мыйзамда каралган учурларда Президенттин сунуштамасы менен аларды кызмат ордунан бошотот;
2) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан төрагаларын 5 жылдык мөөнөткө дайындоо үчүн Президент тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет;
3) Конституциялык мыйзамда каралган учурларда, Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, Президенттин сунуштамасы боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотууга макулдук берет;
4) конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитет;
5) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аны кызмат ордунан бошотот;
6) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымын Президенттин сунуштамасы боюнча, ал эми жарымын өзүнүн демилгеси менен шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотот;
7) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин Президенттин сунуштамасы, үчтөн экисин өзүнүн демилгеси менен шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотот;
8) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызмат ордунан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;
9) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызмат ордунан бошотот; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;
10) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен Башкы прокурорду дайындоого, бошотууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;
11) мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.
4. Жогорку Кеңеш:
1) конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;
2) согуш жана тынчтык, согуш абалын киргизүү, согуштук абалды жарыялоо маселелерин чечет, бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;
3) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;
4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый-акыларын жана ардак наамдарын уюштурат.
5. Жогорку Кеңеш:
1) Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;
2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угат;
3) Башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчётторун угат.
6. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коёт; Президентти кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.
7. Жогорку Кеңеш Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№50 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 23-июну