Ошентип, өлкөбүздө жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү аяктап, эл ишенимине ээ болушкан талапкерлер мандат алып, максатына жетип турган чагы. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 33 шаарда, ошондой эле 231 айылдык кеңеште өттү. 33 шаардык кеңештеги миңге жакын мандатка 39 саясий партиянын атынан дээрлик 5 миң талапкер ат салышты. Ал эми айылдык кеңештерге 5 миңден ашуун мандат алууга 10 миңге жакын талапкер арыз берген.
Биз үчүн кызыгы, шайлоонун жүрүшүнө көз жүгүртүп, шаардык кеңештин депутаты болууга аттанышкан коомубуздун активдүү катмары болгон саясий партиялардын салмагына назарыбыз түштү. Кыргызстанда жалпы жонунан 220дан ашык саясий партия катталган болсо, алардын онго жетпегени туруктуу иш жүргүзүп келет окшойт. Мына ушул шайлоонун жыйынтыгынан улам, байкаган адамга саясий топтор иргелип, аренада флагман болгон партиялар четке сүрүлүп бараткандай. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште отурган “Ишеним” партиясынан башка, “Ата Журт – Кыргызстан”, “Мекенчил”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру” саясий партиялары жакында болуп өткөн шаардык кеңештин шайлоолорунда артыкчылыктуу добушка ээ боло алышкан жок. Кээ бир партиялар, маселен, Өмүрбек Текебаев башында турган “Ата Мекен”, Феликс Куловдун “Ар-Намыс”, Исхак Масалиевдин “Коммунисттер”, Алмазбек Атамбаевдин “Социал-демократтар”, Темир Сариевдин “Ак Шумкар”, Исмаил Исаковдун “Азаттык”, Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги”, Алтынбек Сулаймановдун “Бир Бол”, Темирбек Асанбековдун “Мекен Ынтымагы” жана башка ушул сыяктуу партиялар лидерине түздөн-түз көз каранды болгондуктанбы, эл арасында добушу угулбай калды. Ал эми Раим Матраимовдун “кол баласы” дешкен “Мекеним Кыргызстан”, Биримдик” партияларынын дайын-дарегин билген адам жок. Айтор, аталган партиялардын уюштуруучуларынын же башчыларынын учурда партиялык принципти бекем карманган позициясы арсар. Ошого жараша саясий уюм калыптанып калган десек болот.
Кезектеги шайлоо эмнеси менен айрымаланды? Аскар Салымбеков түптөгөн “Эмгек” партиясын айтпаганда, «көчөт-партиялар» саясий майданга чыгып, “карт бөрү” партиялардын эл өкүлчүлүк “ырыскысын” тартып алып жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматынан билсе болот. Алсак, “Ата Мекен” партиясы Өмүрбек Текебаевдин кичи мекени Базар-Коргон шаардык кеңешине аттанып, тиешелүү добушка ээ болбой жыдып калды. Башка аймактарда деле “Ата Мекен” талапкер катары катталган жок. “Бир Бол” партиясы Ош шаардык кеңешине берилген 51 мандаттын ичинен, араң 5 мандат алууга жетишти. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Кербен шаардык кеңешиндеги 31 мандаттын үчөөсүнө ээ болду. Мигранттардын сүйүктүү партиясы “Замандаш” Базар-Коргондо – 5, Кемин 3 өкүлүн шаардык кеңешке өткөрө алышты. Булардын ичинен “Социал-демократтар” партиясы бир аз тыңыраактай. Алар Балыкчыдан – 5, Кадамжайдан – 4, Кеминден – 3, Чолпон-Атадан – 2, Шопоков шаарынан 3 мандат алышты.
Ноябрь айындагы шаардык кеңешке шайлоодо “Жаңы Кыргызстан”, “Ынтымак, “Эмгек”, “Ишеним”, “Бирге-Вместе” саясий партиялары добуш алууда үстөмдүгүн көргөзө алышты. Жаш саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жетектеген “Ынтымак” партиясы менен айрым маалыматтарга караганда учурунда Үсөн Сыдыков түптөп кеткен делген “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы кезектеги шайлоо өнөктүгүнүн фаворити болду. “Ынтымак” партиясы Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкер катары каттоодон өтпөгөндүктөн, ал жакта өзүнүн өкүлдөрү жок десек болот. А негизи бул партия өлкөбүздөгү шаарлардын баарындагы кичик-парламентине депутаттарын шайлай алышты. Ал эми “Жаңы Кыргызстан” партиясынын 33 шаардын ичинен Бишкек, Кемин, Шопоков шаарларында гана өкүлдөрү жок. Калган 30 шаарда аталган партиянын атынан депутаттар шайланды. Маалымат булактарында уюштуруучу деп эсептелген «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасынын Президенти Жарасул Абдураимов башында турган “Ишеним” партиясы дагы шайлоо өнөктүгүндө дымагы күчтүү экенин билдирип койду. Республиканын 15 шаарында “Ишеним” партиясынын депутаттары ишенимге ээ болушту. Бизнесмен-меценат Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясы өлкөнүн ири шаарларында бараандуу добуш алууга жетишти.
Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык, шаарларда партиялык тизме менен тандоо жүргүзүү шарт болгондуктан, жыйынтыгын көрүп отурабыз. Бирок, партиялар келип эле, “жашоо май-көл, сүт-көл болуп кетет” деп айтууга али эрте. Себеби, Кыргызстандагы саясий партиялар идея үчүн эмес, пикирлештердин, көп учурда акчаны көздөгөн кылкечтердин мүдөөсү менен түзүлүп калганын мезгил ырастап келатат. Убактылуу Өкмөттүн учурундагы парламент саясий “биржага” айланып кеткенин башыбыздан кечиргенбиз. “Бара-бара көч түзөлөт” демекчи, келечекте партиялык тартиби бекем, элдин ишенимин кастарлаган партиялар чыгып калар. Азырынча, лидердин көз карашына көз каранды болгон саясий уюмдар телчигип келе жатат. Бирок, “үмүтсүз – шайтан” деген калетсиз сөз бар. Үмүттү үзбөй туралы. Ошону менен бирге эл өкүлдөрүнөн талап кыла билүү – шайлоочулардын башкы милдети экенин унутпайлы.
Шекербек КАЛЫКОВ