Республикабыз боюнча калкты дары-дармек менен камсыздоодо айрым маалыматтар боюнча үч миңден ашуун дарыканалар иштейт. Алардын көпчүлүгү Бишкек менен түштүк борборубуз Ош шаарында жайгашкан. Ошол эле учурда дарыканалар алыскы аймактардагы бардык эле калк жашоочу пункттарда жетиштүү деп айтууга болбойт. Дарыканалардын республикабыз боюнча тегиз жайгашпоосу калктын зарыл дары каражаттары менен камсыз болуусунда ыңгайсыздык жаратпай койбойт.
Ошентс да бүгүн дары керек болсо аны табыш анчалык кыйынчылык жаратпашы мүмкүн, бирок баасына келгенде калктын басымдуу бөлүгү үчүн оголе кыйын болуп калды. Учурда дарыканаларда дары-дармектердин баасы бир кылка эмес, ар кандай коюлган. Муну да түшүнүүгө болот, себеби жеке менчик компаниялар өзүлөрү кандай баада сатып алганына жараша баа саясатын жүргүзөт эмеспи. Мамлекет тарабынан жалпы дары каражаттарына карата баа саясатын жөнгө салуу каралган эмес. Бирок азыркы учурда мамлекеттик дарыканалардын ачылып жатышынан улам дары-дармек жагында жеке менчик монополист компанияларга альтернатива катары баа саясатына кандайдыр деңгээлде таасир этишин күтүүгө болот.
Калктын дары-дармекке жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Министрлер Кабинети ушул жылдын 30-мартында Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө токтомун кабыл алып, дары-дармектерди сатып алууга бюджеттен 1 миллиард сом акча каражаты бөлүнгөн. Ишкана мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелерин дары-дармек менен камсыз кылууда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн орган болуп калмакчы. Президент Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айынын орто ченинде саламаттык сактоо тармагынын маанилүү маселелери боюнча өткөргөн жыйында “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын түзүлүшүн саламаттыкты сактоо системасындагы реформалардын бир бөлүгү катары мүнөздөп, анын негизги максаттарынын бири дары рыногундагы фарммафияны жок кылуу, калк үчүн дары каражаттарынын баасын арзандатуу жана дары каражаттарынын тартыштыгына жол бербөө деп белгилеген.
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын негизги милдеттеринин бири дүйнөлүк дары өндүрүүчүлөрдөн түз сатып алуу менен калкты жеткиликтүү баада дары каражаттары менен камсыз кылуу болуп саналат. Ошондой эле инвесторлорду тартып өлкөдө дары өндүрүшүн өнүктүрүү менен катар өз өндүрүшүбүздү колдоо багытында иш алып бармакчы. Бул албетте, келечектин иши. Ишкана түзүлгөндөн берки кыска убакытта министрлик республикабыздын дээрлик бардык аймактарында мамлекеттик дарыканаларды ачууга жетишти.
Жалпысынан республикабыз боюнча 50гө чукул малекеттик дарыканаларды ачуу пландалган. Министрликтин маалыматы боюнча жыл аягына чейин бардык пландалган мамлекеттик дарыканалар ачылып, калкка кызмат көрсөтө баштайт.
Мамлекеттик “Эл аман” дарыканаларында баалар менчик дарыканаларга салыштырлуу 10-15%га пайызга арзан болот. Учурда “Кыргызфармация” ишканасы мамлекеттик дарыканаларды эң зарыл болгон 800 аталыштагы дарылардын ассортиментин сунуш кылууда. Алдыда муну 2000 аталыштагы ассортиментке жеткирүү аракети болууда. Сегиз дүйнөлүк ири дары өндүрүүчүлөр менен дары каражаттарын сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Калкка өтө зарыл болгон бардык дары-дармектер, анын ичинде инсулин, онкологиялык, кургак учук сыяктуу ооруларды дарылоочу дарылар сатылып алынууда.
Мамлекеттик дарыканалар биз үчүн калкты жеткиликтүү баада жана сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылуучу фармация рыногундагы жаңы багыт. Мына ушундай жол менен мамлекет дары-дармек рыногунда өз саясатын жүргүзүүнү колго алуусу азыркы учурдун талабы болууда.
Министрлер Кабинетинин “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасын ачуу боюнча токтомунда мамлекеттик дарыканаларды талапка ылайык кампалар менен камсыз кылууну Маммүлктү башкаруу фондусуна милдеттендирилгенген. Себеби, ар бир дарыкананын дарыны сапаттуу сактоосу үчүн талапка ылайык деңгээлде жабдылган кампалары болууга тийиш. Дары-дармектер температурага сезимтал келишип, туура сакталбаса сапатын жоготушу мүмкүн. Андыктан дарыканаларды ачуудан мурда аны туура сактоо жана жеткирүү да маанилүү иш. Бул жагы да эске алынып, мамлекеттик бюджеттен аталган ишкананы түзүү чыгымдары жана айлык акы үчүн жалпысынан 500 млн сом акча каражаты каралган.
Сүрөт: kenesh.kg