"Эркин-Тоо"
Экономика

Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген каражат бөлөт


Экономика жана финансы министрлигинин маалыматка таянсак, жакында Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы 8,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет.
Бул каражат негизинен аймактарды өнүктүрүүгө, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоого жана COVID-19 илдетине каршы чараларды көрүү багытында жумшалат.