"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эл аралык байкоочу: «Шайлоо жаштар үчүн дагы өтө маанилүү» (видео)

Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу болгон Глеб Лапицкий  добуш берүү учурунда олуттуу техникалык мүчүлүштүктөр болбогондугун баса белгилеп, буларга токтолду:

«Биз 10дой шайлоо тилкесин көрүп чыктык. Эң башкысы шайлоого элдер жакшы маанайда келип жатышат. Өлкөдөгү шайлоо улгайган же орто жаштагы адамдар үчүн гана эмес, жаштар үчүн дагы өтө маанилүү. Ошондой эле Кыргызстандын санариптешүүдө тажрыйбасы мол экендиги көрүнүп турат. Анткени улуу муун дагы шайлоого тоскоолдуксуз катышып жатат. Кошумчалай кетсем, добуш берүү учурунда олуттуу техникалык мүчүлүштүктөр болгон жок.»