— Молдобек Ирсалиевич, айыл чарбасы боюнча бийликке омоктуу ойлорду айтып, изги сунуштарды берип келе жатканыңызды билебиз. Айткандарыңыз ишке ашчудайбы?
— Мен буга чейинки бийлик башындагылардын баарына көзмө-көз жолугуп сунушумду бергем, бири да аткарышкан жок. Ал эми азыркы Президентибиз Садыр Жапаровго жолуга элекмин. Силердин “Эркин-Тоо” гезити аркылуу кайрылсам, окуп калабы деген үмүтүм бар. Анда кепти созбой, ток этээрин айтсам, өкмөт өз убагында маселе коюп, ал эми депутаттар тарабынан тийиштүү мыйзамдар иштелип чыкпай айыл чарбасынын экономикасы жогорулабай жатат. Өкмөт тарабынан айыл чарба продукциясынын ичинен кайсы түрүнө артыкчылык берүү да бүгүнкү күнгө чейин аныкталган жок. Айыл чарбасы чар жайыт өнүгүүдө. Бул багытта биринчиден, мамлекеттик казынаны толтуруу өндүрүшү биринчи орунда туруусу тийиш. Экинчиден, дыйкан менен фермерлер өндүргөн арзан продукцияны кайра иштетүүчү мекемелер ортосунда байланыштын жогунан өлкөбүздө көмүскө байлык топтоп, ыксыз байыгандардын (алып сатарлардын) тобу өсүп жатат. Бул багытта дүйнөлүк практика көрсөткөндөй кластердик ыкмада иш алып баруу боюнча уяң жүндүү кой баккан фермерлер менен жүндөн кийим чыгаруучу мекеме ортосундагы финансылык байланышты бекемдеп иш алып баруу натыйжалуу болмок…
— Уяң жүндүү кой деп калдыңыз, анда камволдук-нооту комбинатын иштетүү керек го…
— Албетте, ал иштеши керек. Камволдук-нооту комбинатынын мамлекетке алынат деген кабарды угуп фермерлер абдан кубанып жатат. Өлкөбүздүн жер шарты өзгөчө бийик тоолуу жайыттарында уяң жүндүү кой тукумун өстүрүү практика көрсөткөндөй өтө натыйжалуу болот. Буга карата бир мисалды айта кетейин. Биздеги маалымат боюнча бүгүнкү күндө Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас областарынын жана түштүктүн тоолуу райондорунун фермерлери жүз миңден ашуун уяң жүндүү кой өстүрүшөт. Таза уяң жүндөн кийим жасап чыгаруучу бир дагы ишкана жок экени жалпыга маалым. Фермерлер Япония, Кытайга туруксуз баа менен аргасыздан өндүргөн жүнүн сатып жатышат (1 кг жүн 2018-жылы — 300 сом, 2019-жылы — 100-120 сом, 2021-жылы көпчүлүк фермерлер аргасыздан 60-70 сомдон ошол эле кытайга сатышты ). Баанын мындай өйдө-төмөн болушу уяң жүндүү кой багуу эч кимди кызыктырбай жатат.
— Биздин табияттын шартында уяң жүндүү койдон канча килограмм жүн алса болот?
— Жакшы багылган койдун бир башынан 4,0-4,5 кг уяң жүн кыркып алууга болот. Технологдор менен экономистердин эсептөөлөрү бир койдун жүнүнөн орто эсеп менен 2 костюм жасаларын аныктап чыгышты. Сапатту уяң жүндөн жасалган костюмдун дүйнөлүк базардагы баасы 1000 долларга жетип олтурат. Ал эми болжолдуу эсептөөлөр берегидей жыйынтык берет. Эгерде биз 5 млн койдун жүнүнөн 2 ден костюм жасай турган болсок — 10 млн костюм тигилет. Аны 100 доллардан сатсак — 1 000 000 000 доллар алабыз. Аны 85 сомго көбөйтсөк — 85 000 000 000 сом болот. Анын 12% (киреше салыгы) +2 % (соцфонд) салыгы — 11,9 миллиард сом жакынкы эле 5-6 жылдарда казнабызды толуктамак. Бул Кумтөрдүн алтыны берген салыктан 2 эсе көп (Биздин маалымат боюнча 2020-жылы Кумтөрдөн 6,3 миллиард сом салык түшкөн). Ушул эсептөлөөрдүн өзү эле уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү өлкөбүздүн келечектүү маселеси экенин аныктап турат. Бул максаттарды ишке ашыруу айыл чарбасын тунгуюктан чыгаруучу эң көрүнүктүү бурулуш жылы болуп калмак. Фермерлердин уяң жүндүү койлорду аргындаштыруу иши адистер тарабынан көзөмөлгө алынбагандыктан, кыркылып алынган жүн талчасынын (волокна) ичкелиги (тонинасы), үзүлчөөктүгү (крепость) түрдүүчө болуп жатат.
— Азыркы учурда сандан сапатка өтүү жагын да ойлонуш керек го?
— Ооба, ошол учурга жеттик. Кочкорлордун асыл тукумдук касиетин (ДНК) текшербей көпкө пайдаланууда алынган төлдүн продуктуулугу дүйнөлүк деңгээлге жетпей жатат (инбридинг). Бир кочкорду көпкө пайдаланууда ден соолугу начар, ооруга тез чалдыкчу, продуктуулугу аз төл алынып жатат. Тектик асылдандыруу (геномдук селекцияны) ишке ашыруу менен өлкөбүздө жогорку продуктулуу койдун генофондук базасы түзүлүп, асыл тукумдуу койдун саны тез көбөймөк. Анткени, азыркы кылчык жүндүү койдун канында ак койдун гени жатат. Жакынкы 5-6 жылда тектик асылдандыруу жолу менен асыл тукум койлордун санын кескин жогорулатууга жеткирүүгө болот. Бирок, республикадыгы негизги үч уяң жүндүү кой тукумун өстүрүп жаткан (Лущихин, Оргочор, Катта-Талдык) заводдордун эсебинен малдын башын көбөйтүп, камволдук нооту комбинатын жүн менен камсыз кылуу мүмкүн да эмес. Ошондуктан, уяң жүндүү кой тукумунун санын көбөйтүүчү кылчык жүндүү кой баккан койчуларга өзгөчө шарт түзүү керек.
— Кантип?
— Биринчиден, эң жогорку сапаттагы 1 кг уяң жүндүн баасын кеминде сортуна жараша 200 сомго жеткирүү керек. Экинчиден, уяң жүндүү койдун башын көбөйтүүчүлөргө айыл өкмөттө калтырылган айдоо аянттан (ФПС), жаңы өздөштүрүлгөн аянттардан жер бөлүп берүү (арендага берүү) зарыл. Үчүнчүдөн, керектүү ГСМди өз учурунда камсыздоо (акциз салыгысыз) шарт. Төртүнчүдөн, жайлоо участокторду бекитип берүү (кылчык жүндүү кой багуучулардан алыс) керек. Бешинчиден, кой куут учурунда аймак-аймактарда жасалма уруктандырууга шарт түзүү менен геномдук (тектик асылдандырууну) селекцияны колго алуу зарыл. Алтынчыдан, уяң жүндүү кой башын көбөйтүп жаткан фермерлерге керектүү кредиттердин өлчөмүн банктар аныктабастан, айыл чарба министрлиги тарабынан аныкталып, 4-5 пайыздык өлчөмдө берүү менен уяң жүндүү койдун башын көбөйткөн фермерлерге кызыктыруучу каражаттын (уяң жүндүү төл алгандарга — ссубсидиа) берилиши дайым көзөмөлдө болуусу шарт. Жетинчиси, койдун кара өпкө (пастереллёз), кежең (брадозт), козулардын секиртме (энтеретоксемия) ылаңдарына каршы эмдөөнү мамлекеттин эсебинен жүргүзүү керек. Сегизинчи, тектик аргындаштыруу ишин алга жылдыруу боюнча фермерлердин билим деңгээли жетишпейт. Ошондуктан, айыл өкмөттөрдө зоотехник адистиги боюнча штат киргизүү зарыл.
— Ошондо жүн кайда өндүрүлсө, ошол жерде иштелиши керекпи?
— Биздин оюбузча жүн кайда өндүрүлсө, ошол жакта иштетилиши абзел. Муну дүйнөлүк практика далилдеп келет. Анткени, экономикалык, экологиялык жактан алганда эң пайдалуу деп эсептейбиз. Бир аймактагы ылаңды экинчи жакка таратуунун зарылчылыгы жок. Мына ушундай шартта кийинки 10 жылдыкта уяң жүндүү койдун санын 5 миллиондон 7 миллионго чейин жеткирүүгө жол ачылат. Бул иштер илимий негизде республикада уяң жүндүү кой тукумун көбөйтүп, жеңил өнөр жайын уяң жүн менен камсыз кылуу боюнча түзүлгөн мамлекеттик денгээлдеги улуттук программанын негизинде ишке ашат. Ал эми уяң жүндөн, пахтадан кийим жасоо, кызылчадан кант, жер-жемиштен, жүгөрү менен буудай, буурчак, соядан тамак-аш жасап чыгарган акционердик коомдордун акцияларынын кеминде 10%дан кем эмес бөлүгү сырье өндүргөн дыйкан-фермерлерге берүү учурдун талабы болуп калууга тийиш. Бул программанын турмушка ашырылышы Министрлер Кабинетинин көзөмөлүндө болуусу өтө зарыл деп эсептейбиз.
Зулпукаар САПАНОВ
№17 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 1-марты

