"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Эл аралык олимпиадада коло медаль жеңген окуучулар кимдер?

2025-жылдын 27-июлунан 3-августуна чейин Боливиянын Сукре шаарында өткөн XXXVII эл аралык информатика олимпиадасында (International Olympiad in Informatics — IOI) кыргызстандык окуучулар 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Олимпиадага дүйнөнүн 84 өлкөсүнөн 330 мектеп окуучусу катышып, Кыргызстандын улуттук командасынын атынан үч окуучу катышты. Коло медалга “Сейтек STEM” мектебинин 11-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков жана Ош шаарындагы Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Абдуллахан Абдирасулов татыктуу болду.

Ошондой эле аталган лицейдин 9-классынын окуучусу Али Арапов Ардак грамота менен сыйланды.

Команданы сынакка төмөнкү машыктыруучулар Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев жана Тенгиз Беккойонов даярдашты.