Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, XXIV эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарынын алкагында стритбол (баскетбол 3х3) боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Эмиль Заярко менен Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев тапшырды.
Жеңүүчү аталгандар:
35 жашка чейинкилер арасында:
🥇 Кыргызстан
🥈 Бишкек
🥉 Nitro Team
35 жаштан жогоркулар арасында:
🥇 Кант Nitro
🥈 Кара-Балта
🥉 Ош
45 жаштан жогоркулар арасында:
🥇 Токмок
🥈 Сузак
🥉 Ысык-Көл

