"Эркин-Тоо"

Баткенде эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаранын жүрүшүндө, Баткен облусунун тургуну 1994-ж.т. «С.Ж.» кармалды. Ал 2016-жылы (Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган) «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун бандиттик түзүлүштөрү тарабындагы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Сирияга кеткен.

«Террордук топтун катарына жалдоочуларды тартуу жана андан ары анын айрым мүчөлөрүн Сирия менен Афганистанга өткөрүп берүү максатында «Ислам мамлекети» Эл аралык террористтик уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасына келген»,- деп билдирет УКМК.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда УКМК “С.Ж.” менен болгон кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралардын комплексин улантууда.