Баткен облусунда өткөн эл аралык ыр майрамы маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо иштеринин алкагында милиция кызматкерлери бир катар ыкчам аракеттерди көрүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин облустук бөлүмдөрү маалымдады.
Иш-чара учурунда жашы жете электердин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан ата-энесинен адашып калган 20га жакын бала табылып, колдоруна өткөрүлүп берилди.
Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Музаффар Чокуев эл көп чогулган шартта эпилепсиясы кармаган 30 жаштагы жарандын абалын байкап, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калган.
Мындан сырткары, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн улук ыйгарымдуу өкүлү Тынчтыкбек Топчубаев катуу жааган жаан учурунда Ак-Турпак айылынын тургунунун 2 айлык наристеси дем ала албай, дене-башы көгөрүп жатканын байкап, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкери Мустафахан Акматов менен биргеликте ыкчам жардам көрсөтүп, наристени ооруканага жеткирүүгө көмөктөшкөн.