2017-жылы ЮНЕСКО уюму тарабынан жарыяланган Эл аралык жарык күнү жыл сайын 16-майда жарыктын адамдардын жашоосундагы ролун белгилөө максатында өткөрүлөт. Жарык илиминин жетишкендиктерин практикада колдонуу медицинанын, байланыштын, билим берүүнүн жана маданияттын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү. Жарыкты изилдөө келечектүү альтернативдүү энергия булактарына, ооруларды диагностикалоо, жогорку ылдамдыктагы интернеттин жаратылышына жана башка көптөгөн ачылыштарга алып келди. Адистер бул коомдо революция жасап, аалам жөнүндө түшүнүгүбүздү калыптандырганын белгилешет.