"Эркин-Тоо"

Эл артисти Геннадий Базаров дүйнө салды

Кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз искусствосуна Эмгек сиңирген ишмери Геннадий Базаров көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Айтымдарында, Базаров түн ичинде дүйнө салган.

Ал 1942-жылы Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.

Геннадий Базаров 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн.
Эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссёрдун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу «Намаз окуу» жана «Тыныгуу» аттуу киноновелла тарткан.

1967-жылы «Саманчы жолу» (сценарийин жазгандар: Ч.Айтматов, Б.Добродеев, И.Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. «Буктурма» (1966, X.Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова), «Көчө» (1973, М.Гапаров), «Биринчи» (1984, Г.Базаров, Л.Дядюченко), «Көз кареги» (1975, Л.Дядюченко) кинотасмаларды, «Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай» (1986), «Айың» (1989), «Аномалия» (1991) көркөм фильмдерди жана «Антракт» (1994), «Түндө» (1995) кыска метраждуу новеллаларды, даректүү тасмалардан «Искусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыңгыз Айтматов» (1980) жана башка тарткан.

Маданият жана искусствонун ишмерлери А.Токомбаева, Н.Байтемиров, А.Темирова, Г.Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. Андан сырткары Геннадий Базаровдун «Прикосновение к личности» (1986), «Пауза для размышления» (1985), «Гримаса» аттуу повесттери чыккан.

«»Эркин-Тоо» редакциясынын эмгек жамааты Геннадий Базаровдун каза болгондугуна байлыныштуу анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!