"Эркин-Тоо"

Эл биримдиги баарынан кымбат

Кыргызстандын аймагында жүздөн ашык ар улуттун өкүлдөрү “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, ынтымак-ырашкерлүү жашоо кечирүү менен эгемендүү жергебиздин алга карай ынанымдуу кадамдар менен өсүп-өнүгүүсүнө зор салымдарын кошуп келет. Айтор, эгемендүүлүккө ээ болгондон берки 33 жылдын аралыгында элибиз үч элдик революцияны башынан өткөрүп, өнүгүүнүн туура жолун тандоодо бирде туңгуюкка такалып, бирде өрлөп чыгууга аракет кылып келди. Өлкө башына кимиси келсе да, коомдук жашоонун бардык тарабын жети баштуу ажыдаардай ороп-чулгап алган коррупциянын сазына кошо сорулуп, уюшкан кылмыштуу топтордун тамырын үзмөк тургай өздөрү алар менен көп учурларда табакташ да, максатташ да болуп келишти. Бир аз саясий-экономикалык жылыштарды, өзгөрүүлөрдү жасагандарына маашырланышып, өлкөнүн өнүгүү келечегинин толук кандуу жана элдик колдоого ээ болуучу туура стратегиясын тактоого интеллектуалдык-патриоттуулук дараметтери жетишпеди. Ошондуктан, өлкөнүн өнүгүүсү “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” акыбалынан өйдө көтөрүлө албай, ортосаар, чабал, ар кимдерге көз каранды болгон, күнүмдүк жашоосу эптеп өтө берген, “Орто Азиядагы жападан жалгыз демократия аралы” деп далыга чаап мактап койгонго эрдемсинип, болгон байлыгын оңду-солду текейден арзан баада туш келди таратып, сатып, акыр аягында “куру тепшисин кучактап” олтуруп калды. Мына ушундай тагдырга тушуккан өлкөнү бул түбү жоктой көрүнгөн туңгуюктан алып чыгуучу күчтөрдүн, жүрөгү эл, жер деп соккон жалындуу мекенчил адамдардын бар экендигине, алардын бийликке келээрине жана бардыгын түп-тамырынан бери өзгөртөөрүнө калайык-калктын ишеними дээрлик кетип калган эле. Бирок, эл ошондой жүрөгүндө жалыны бар адамдардын качандыр бир убакта келип Кыргызстанды оңдой тургандыгын тилеп, ишенип, күтүп жүрүштү.

 2020-жылдын октябрында элдин эрки менен Садыр Жапаров баштаган жаңы бийлик “эки тизгин, бир чылбырды” колго алып, алдыга койгон чоң максаттарын жарыя кылышканда алардын көбүнүн аткарылышына күмөн санагандар жетиштүү эле. Буга чейинкилердей болушуп, бийликтин даамын татышкандан кийин булар деле эскилер салган “даңгыр” жол менен кетишип, өзгөчө жаңы кадамдарды жасаганга бара да, даай да алышпайт деп, “Оозу сүткө күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп бир ишенип, бир ишенбей тургандар көп эле болду.

Коррупцияга каршы эң катуу жана аёосуз сокку

Жаңы бийлик мамлекеттик башкаруунун көп кырдуу жана татаал, машакаттуу сырларын өздөштүрүп, ички-тышкы саясаттын өйдө-төмөн жактарын таразалап-салмактап, элге берген убадаларды кантип аткаруу керектигинин жол-жоболорун тактап иштөөсү үчүн белгилүү бир убакыт керек эле. Ошентип, эски көндүмдөрдү акырындык менен четинен ылгап, буга чейин аткарууга мүмкүн эместей көрүнгөн чечимдерди тартынбастан, коркуп-үркпөстөн кабыл алуунун жана аларды аягына чейин аткаруунун саясий экономикалык, моралдык-психологиялык түз багыттарын иштеп чыгуунун саатын чыгара турган учуру да келди. Буга чейинки президенттердин бири да даай албаган, күпүлдөп келип кайра эле тартылган суудай болуп унчукпай, алдыларына ыргытылган “жашыл” сөлкөбайларга алданып, кыргыз элинин кызыкчылыктары үчүн иштетүүгө саясий эрки, күчү жетпей келген “Кумтөр” алтын кенинин тагдырына токтолуп кетели.

Бул алтын кенибиз менен сырттагылар байышып, бизге берген бир аз төлөмдөрдү кайра өзүбүзгө колко кылышып, өздөрүнө ылайыктап алышкан эл аралык мыйзамдарга, алдап, коркутуп түздүрүп алган эки тараптуу келишимдерге таянып алышып, Кыргызстандын бийлигин тоготушпай, биз тараптын дооматтарын чымын чакканчалык да көрүшпөй келишти. Анткени, сатылма бийликтерибиз акчанын жана коррупциянын кулу болуп, алардын көздөрүнүн агы менен тең айланып, адилеттүү келишим түздүрүүгө күчтөрү жетпей, аягында келип эле кол куушуруп багынып берип келишкенин кантип унуталы? Мына ушул эч качан чечилбестей туюлуп келген чиеленишкен маселенин түйүнүн Садыр Жапаров башында турган жаңы бийлик сыдыргыга салгандай кылып, өлкөбүзгө зыяны тийбегендей түрдө чечүүгө жетише алганын алардын эң биринчи жана тарыхый мааниси терең зор жеңиши катары баалоого болот. Анткени, “Кумтөрдүн” Кыргызстанга толук бойдон жана биротоло кайтарылышы – бул ички жана эл аралык тамыры катмарланып тереңге жайылып кеткен жемкорлукка каршы урулган эң катуу жана аёосуз сокку болду. Себеби, “Кумтөрдүн” жетекчилери жана аларга көмөктөш болгондор кыргыз бийлиги бул алтын кенин эч убакта тартып ала алышпайт, иштете алышпайт жана буларды баары бир азгырмалуу долларбайдын аркасы менен кайра эле бардыгын сатып алабыз деген бой көтөрүүчүлүк дымагынан эч качан кайтышкан эмес жана бекем ишенимде болушкан.

Жаңы бийликтин мурдагылардан айырмаланып алган багытынан, элге берген убадасын аткаруудан баш тартпай тургандыгын жана бул максаттарга жетишүүдө эч кимге сатылбастыгын убагында туура аңдай жана баалай албагандыктары алардын эң чоң жаңылыштыктарынын бири болду. “Кумтөрдүн” бир ууч жетекчилиги үчүн астындагы ашын, каалаганындай чардап-чачып келген эбегейсиз байлыгын заматта тарттырып жибере тургандыктары түшкө кирбей турган иш эле. Алар жаңы бийликтин күч колдонуп тартып албастан, мыйзамдуу, цивилизациялуу жол, тана алгыс фактыларды келтирүү менен тастыктап, далилдеп, тынч жана ызы-чуусуз кайтарып алышаарына эч качан ишенген эмес. Бул жеңиш бийликке келген саясий жетекчиликтин кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарын эч убакта соодалашпай, аттап өтпөй, эч нерседен коркпостон аягына чейин күрөшө тургандыгынын эң алгачкы кадамы болду.

Менчиктештирүү мамлекетти курутуп, жеке бизнесмендерди чыгарды

Бир аз артка кылчая карасак, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында социалисттик доордун таш-талканын чыгарып, элдин байлыктарынын эч нерсесин калтырбастан текейден арзан баага сатып, талап-тоноп алууга өткөн кыйсыпыр заманга туш келгенибизде анын арты бара-бара акыры элибизди экиге – бай менен кедейге бөлүп салаарын, көпчүлүктү жакыр жашоого алып келээрине кезинде эч ким маани бербеди. Колунда бийлиги бар жана иштеген жеринин бардык материалдык-чарбалык, ж.б. ресурстарына дээрлик бепбекер ээ болушкан жетекчилердин, кызматкерлердин бир ууч топтору алардын баарын өздөрүнө, тууган-туушкандарына, тааныш-билиштерине каттаттырып, менчиктештирип алуу менен кийин бат эле байлыктары ашып-ташкан бизнесмен, ишкер, менеджер болуп чыга келишти. Жогорку бийлик өкүлдөрү өздөрү бардык мамилелерди да, кадр тандоолорду, кызматка коюуларды, майда-барат делген маселелерди да жалаң гана акча аркылуу чечип калган системанын түптөлүшүнө жол берүү менен бийлик башындагылардын ал айлампага кошо кирип кетишкендиги алгалап өнүгүүбүзгө чоң тоскоолдуктарды жаратты.

Паракорчулуктун, кылмыштуу топтордун, Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин жеткен коррупциянын арбаган арааны жүрүп, бул илдеттен арылууга мүмкүн болбой калган. Сыртынан чындап күрөшүп жаткандай түр көрсөтүшкөнү менен кайра эле баягысы баягы бойдон кала берип, жакшы жагына оңдуу жылыштар болбоду. Натыйжада баары эле коррупция менен талыкпай күрөшөбүз, тамырын калтырбай жулабыз деп эрдемсинип көкүрөк кагып келишкендери менен аны пиар деңгээлинен өйдө көтөрө алышпады. Элде коррупцияны жеңип чыгаар күчтөр болооруна ишеним деле калбаган. Ошондуктан, Садыр Жапаровдун бийлиги да мурункулардын таз кейпин кийип, күчү жетпей орто жолдон токтоп калаарын жоромолдогондор да болбой койгон жок. Бирок, ошентсе да көпчүлүк эл жаңы бийликтен үмүттөрүн үзбөй турду. Жемкорлук менен күрөшүүнүн туура жолун жана ыкмасын табууга болот, бирок ошол багытты кыйшаюусуз аткаруу үчүн жолборс жүрөктүү, арты таза, коррупцияга илинип-малынбаган, өзүнө ишенилген ишти так аткарган, ага-тууган, куда-сөөк, жакындарга карап мамиле жасабаган, эртеңим эмне болот деп кылчактап тартынбай жоого түз аттанып чыккан анык патриот атуулдарга чаңкап турган кезибизде Кудай жалгап ошондой эр-азаматтардын бийликке келиши менен көктөн издегенибиз жерден табылгандай болду.

Адилеттүү замандын келкели

Мына үч жылдан ашык убакыттан бери коррупцияга каршы аёосуз күрөш бир мүнөткө да токтобой жүрүп келет. Коррупциянын көктөп, бутакташына жол бербөө, ага тынымсыз дем берип турган чөйрөнү – уюшкан кылмыштуу топторду баш көтөргүс кылып талкалоо, алардын бийлик менен коюн-колтук алышып чырмалышып кетүүсүнө жол бербөө керек эле. Мына ушундай кадамга Садыр Жапаров менен
Камчыбек Ташиев гана бара алышты. Өзгөчө жол менен жүргүзө баштаган күрөшүн колдоого ала тургандыгына ишеним жаратуу үчүн жаңы бийлик баш аламан менчиктештирүү доорунун отко салса күйбөс, сууга салса чөкпөс “каармандарын” жарга такап, уурдап жеп алгандарын элге кайтарууларын адилеттүүлүк замандын келкели келди десек жаңылышпайбыз. Айтор, коррупцияга каршы күрөшүүнүн “Кумтөрдөн” кийинки экинчи этабынын жүрүшүндө кримтөбөлдөрдүн, уюшкан кылмыштуу топтордун ана башы болгон Камчы Көлбаевдин жок кылынышы менен булардын өздөрүн өздөрү билген, өтүктөрүн төргө илген заманынын күнү бүткөнүнөн кабар берет. Ошондон улам бийликтегилер да, бизнес чөйрөсү да, карапайым адамдар да криминалдан арылгандарына, эртеңки күнүнө тынчсызданбай тынч, бейгам жашоо кечире баштагандарына кубанып турган кездери. Бирок, бул айыгышкан күрөштү жеңишке жете тургандай кылып аягына чейин чыгарууга өмүрүн сайып койгон талапчыл, беттегенинен баш тартпаган өжөр, кайраттуу, коркуу дегенди билбеген, элине ак кызмат өтөөнү ыйык милдети катары сезген Камчыбек Кыдыршаевич жасагандай иштерди буга чейин эч ким жасаган эмес жана жасай албайт да болчу. Аларда деле аныкындай бийлик күчү, мекеменин сүрү бар эле. Бирок, көп нерсе бийликке кандай адам келгенине, ошол бийлигин кандай жана кайсы нукта пайдалана ала турганына, башкача айтканда адамдык факторго байланыштуу болоорун иш жүзүндө аныктап көрсөттү.

Эл мүлкүнөн байыган көпөстөрдүн күнү бүттү

Коррупция өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында эле бутактап, ит бекер баага мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен ишканалардын, завод-фабрикалардын, комбинаттардын, базарлардын, бала бакчалардын, айыл чарба жерлеринин, ж.б. толгон-токой жайлардын кайрадан мамлекетке кайтарылып берилип жатышын, коррупциянын аркасы менен элге таандык мүлктөрдү ээлеп алып, эсепсиз байып, май көл, сүт көл болуп байбача турмушта жашоо кечирип келишти. Бийликти, элди түгүл, теңирин да тааныбай калышкан бүгүнкү күндүн көптөгөн өздөрүн бизнесмен деп санашкан мансапкорлордун канчалаган жылдар бою мыйзамсыз ичип-жегендерин кустуруп, миллиарддаган акча каражаттарын мамлекеттик бюджетке түшүртүп жатканын азыр жалпы эл колдоп, кубаттап олтурат. Президент Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан элге карай бурулган улуттук-патриоттук саясатынын анык жоокери болушкан мекенчил азаматтарыбыздын күч-аракеттери менен жашообуз оң жагына оошуп, экономикабыз өрлөп, жүздөгөн жаңы өнөр жай, курулуш, айыл чарба, энергетика объектилери, мектептер, бала бакчалар, ж.б. курулуп, ишке берилип, миңдеген адамдарыбыз иш менен камсыздалып жатканына күбө болуп жатабыз. Айтор, коррупция менен кырчылдашкан күрөштө жаңы бийлик акырындык менен жеңишке жетишип, анын аркасында мамлекеттик бюджетибиздин капчыгы кампайып, мурункудай тартыштыкка тушукпастан, профицитке өтүп, айлыктарды, пенсия, жөлөкпулдарды, ж. б. социалдык төлөмдөрдү сезилээрлик деңгээлде көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат.

Ошентип, өлкөбүздүн бүгүнкү жана эртеңки келечек тагдыры элибизди сатып же качып кетпей турган, бүт өмүрүн өз элине ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга арнап коюшкан, эл биримдигин, ынтымак-ырашкерлигин чыңдоону башкы милдеттери катары карашкан чыныгы мекенчил атуулдарыбыздын колдоруна тапшырылганына элибиздин ишеним артып жатышын белгилүү бир мезгил мерчеминин башкы жыйынтыгы катары таанып билсек болот. Демек, алдыда дагы көптөгөн зор план-милдеттер иш жүзүнө ашырыла берсе, өлкөбүз ойго келбегендей өзгөрө тургандыгы айныгыс чындык. Буга далил катары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына жаңы 100 өнөр жай, курулуш жана социалдык объектилердин ишке берилип жатышынын бир гана мисалын келтире кетсек болот. Эң башкысы, эл биримдигин, ынтымагын ыдыратпай, буга чейин жеңе албай келген паракорчулукту жат көрүнүш катары коомубуздун бардык чөйрөсүнөн арылтып, бейгам жана байгер жашообузга бардык саясий-экономикалык, социалдык-маданий, руханий шарттарды түзүп берүүгө умтулуп, баарыбызды бир мүдөөгө – өлкөбүздүн учурдагы жана келечек тагдырына жоопкерчиликтүү экендигибизди туюндурган бирдиктүү максатка багыттап бара жаткан жолубуздун түбөлүгү түз болсун!

                                                                                                                                    Бактыгүл Кулатаева

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!