ЭЛ КӨКСӨГӨН КӨЙГӨЙЛҮҮ МАСЕЛЕ

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.ЖАПАРОВго

Урматтуу мекендештер! Өлкө Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен үстүбүздөгү жылы элдин суроо-талабынан, көйгөйлөрүнөн кабардар болуу максатында Президенттин бардык облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү баш болуп, облустук элге кызмат көрсөтүүчү тармактардын жетекчилеринин эл менен бетме-бет жолугушуулары өткөрүлдү. Бул жолугушууларда элдин көйгөйлөрү катмарланып, өксүккө айланып баратканы даана билинди. Айыл башчысы, айыл өкмөт, райондук тейлөө-тескөө уюмдар, акимчилик чече турган маселелер боюнча суроо-талаптар менен облус жетекчисинин айласын кетиргендей болду. Облус жетекчиси баарын чечүүгө кантип үлгүрөт? Мындай ыкма менен көйгөйдү чечүүгө болбойт. Биз башка үмүт жандыруучу жолду тандашыбыз керек. Ар бир аймактын өзгөчө өнүгүү жолу, жол картасы болушу кажет.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сиз өз демилгеңиз менен Элдик Курултайды чакырып жатасыз. Бул кадамыңызга чоң ыраазычылык. Сиз элдин мүдөөсүн аткаруу үчүн убада берип, ыкчам чечимдерди жүзөгө ашыра баштадыңыз. Мисалга, маданият, социалдык тармакта эмгектенгендерге, пенсионерлерге маяналарына чымчып кошпой эселеп кошуп, социалдык объектилердин курулушуна каражатты аянбай бөлдүрүп жана аскердик коргонуу тармагын мыкты курал жабдыктары менен камсыздоого да каражат таап, жан үрөп жатканыңыз элдин көз жаздымында калган жок.

Бул деген жемкорлукту толук болбосо да бууп, элдин, жердин байлыгын коротпой, жашоо деңгээлин көтөрүүгө жумшалып жатканынын айкын белгиси.

Бул айткандарым кошоматчылык эмес, реалдуу баа берүү. Бирок ыкчам өнүгүү үчүн бул дагы да жетишсиз. Мен эми ушул маселе боюнча сунушумду, пикиримди билдирейин.

Өлкө башчысына элдин жашоосу, көйгөйү алаканга салгандай көрүнүп турушу абзел. Сиз өлкө башчысы катары, аймактарды өнүктүрүү үчүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүңүз менен стратегиялык долбоорлордун үстүндө ыкчам аракеттерди баштаңыз. Демек, майда көйгөйлөр жапырт чечиле баштайт. Ушул демилгеңиз менен элдин үмүтүн жандырып, канат байлап бересиз. Ушундай аймактык өнүктүрүү долбоорлорунун экөөнө Сиздин көңүлүңүздү бургум келет.

БИРИНЧИ ДОЛБООР

Мен сунуштоочу долбоор мезгилдин кечиктирилгис талабы! Бүгүндөн эске алынбаса, эртең кеч болуп калат дегендей эле алдыңкы 100 жылга бир чоң аймак болгон Базар-Коргон, Ноокен райондорунун элинин татыктуу жашоосун, өнүгүүсүн камсыз кылуучу стратегия.

Өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери Базар-Коргон районунун суу байлыгы коңшу Ноокен районунун (1978-жылга чейин экөө бир эле Ленин району болгон) айыл чарбасынын 70%ын камсыз кылып келет. Жайдын август айынан баштап суу тартыштыгынан улам, сууну кезек менен пайдаланууга өтөбүз. Бул азыр көйгөйлүү маселеге айланган. Келечекте өнүгүүгө кедергисин сөссүз тийгизет.

Ошол себептен Ноокен районун Нарындын суусу менен камсыз кылуу, Базар-Коргон районунун суу байлыгын өзүнө калтыруу маселеси көтөрүлүп, биздин элден СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган Чыңгыз Айтматовго жогорку деңгээлде чечип берет деген үмүткө байланганбыз.

Ч.Т.Айтматов канал куруу маселесин союздун деңгээлинде (Минводхоз СССР) көтөрүп, долбоор түзүлө баштаган эле. Долбоордун максаты Курп-Сай ГЭСинин плотинасынан 40-50 м.куб/ сек. суу алып, ошол сыйымдуулукта канал куруп Ноокен районунун (анда Ленин району деп аталчу) сугат талааларына жеткирүү эле. Бул долбоордун курулушу башталбай жатып, М.С.Горбачевдун кайра куруу саясаты менен кошо ойрон болгон.

Мындан 15 жыл мурун өзүмчө иликтеп көрсөм, бул каналды курууга 180- 200 млн АКШ доллары сарпталат экен. Эгемен өлкөбүздө мынчалык каражатты таап бүтүрө турган бийликтин жоктугу үмүттү өчүргөн. Эми жылына 20 млн доллар табылса, 10 жылда канал курулуп бүтүп, суу келе баштаса эмгеги эбегейсиз сиңген инсандын аты тарых барактарына алтын тамгалар менен жазыларына шек жок.

Кудай колдоп бул долбоор турмушка ашып кетсе, кошумча ондогон кичи ГЭСтер курулуп (жаңы каналдын нугу эгин талааларынан 100 м. бийиктиктен өтөт), миңдеген гектарлаган жер өздөштүрүлүп, жаңы иш орундары, жаштардын айылдары, соцобьектилер пайда болот эле.

ЭКИНЧИ ДОЛБООР

Бул долбоор 50%га биринчи долбоордун ийгиликтүү ишке киришине байланышкан: Базар-Коргон районунун суу байлыгы өзүнө калып, өнүгүүгө эбегейсиз өбөлгө түзүлөт.

Сиздин Жарлыгыңыздын негизинде райондун борбору Базар-Коргон шаар макамына ээ болду. Шаар аймагын тең экиге бөлүп көйгөй жаратып келген Тентек-Сай бар – кеңдиги 50 метрден 120-150 метрге жайылып, сел келгенде жээктен жээкке саат сайын нугун өзгөртүп агып, шаардыктарга кооптуу жагдайды жаратып келет. Бул сайды бир нукка салып, тынч аккан ажайып каналга сөзсүз өзгөртүү менен жаңы шаарды көрккө бөлөшүбүз керек. Өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери бул сайды тизгиндеп туруш үчүн 100 км алыстыктан жыл сайын ташылып келинип турган «Рванный каменьге» кеткен чыгымдын көлөмү жүздөгөн миллиондордон да ашыкча каражаттарды чапчыган десем жаңылбайм. Чыгым дагы деле уланууда.

БУЛ ЧЫГЫМДАРДЫ КАНТИП ПАЙДАГА АЙЛАНТАБЫЗ?

Анын да жолу бар. Тентек-Сайдын тоо тарабы Кара-Үңкүр дарыясы деп аталат. Селдин агымы 10 күндөн 20 күнгө эле созулат. Улуу тоолорду аралап агып келип Кара-Үңкүргө куйган чоң, кичине болгон суулардан төртөө бар. Ошол капчыгайлардан убактысынча суунун агып өтүүсүн басаңдатып туруучу тосмолорду (селехранилищелерди — 200 миң кубтан 2 млн м. кубга чейин) куруу керек. Эң чоңу Жаз-Кечүүгө – тоо арасына, ыңгайлуу шарты бар жерге курулса, чыгым да аз кетет. Ушул долбоор биринчи кезекте курулуп, Карача айылындагы плотинадан Кызыл-Ай айылына чейин (7км) туурасы 25-30 м. болгон каскадный канал курулуп, төрт жерден көпүрө курулмак.

Каналды бойлой шаар, район тургундары сейилдеп турчу жол жана ага жандап туристтик тоо зонасына автошоссе курулса жакшы болмок. Каналдын эки тарабынан бошогон 100дөгөн гектар жерлерге заманбап, көп кабаттуу үйлөр салынып, жаштардын көйгөйү да чечилет эле. Ошондо Базар-Коргон түштүктөгү эң кооз шаарлардын бирине айланат. Бул долбоордун курулушу бүтөөрү менен Акман суу сактагычынын макамын өзгөртүп, анын ордуна аймактагы эң мыкты заманбап ат майданы (көк бөрү, байге ж.б.) курулса, улутубуздун баалуулуктарын даңазалаган обьектиге ээ болмокпуз. Суу сактагычтын ордуна 7 чакырымга созулган каскадный канал суу менен камсыз кылат.

АКМАН СУУ САКТАГЫЧЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ:

Акман суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү 48 млн метр куб болсо, жерге сиңип кеткени 28 млн метр кубду түзөт экен. Андан буулангандан калганы, 8 млн метр куб суу гана август айында эгин талааларына агызылчу. Ошол себептен 1974-жылы Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы Т.Х.Кошоев Жаңы-Акман айылында адистер менен кеңешме өткөргөндө мен да катышканмын. Ошол жылы суу сактагычтын ордуна берилген жерге компенсация катары жер алдындагы артезиан сууларын чыгарыш үчүн 70 скважина 3 айдын ичинде казылып, 2 чоң кубаттуулуктагы 35/10кВт эл. подстанция курулган.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Аталган долбоорлор боюнча курулуш 10 жылга созулушу мүмкүн. Бул эл көксөгөн көйгөйлүү маселе. Келерки 2023-жылда иликтөө-изилдөө иштерине, долбоорду түзүүгө жардам берсеңиз, тарыхый бурулуштун башаты болоору шек жаратпайт.

Сиздин максат-мүдөөңүздүн олуттуулугуна, жаштык жигер менен иш алып барган чечкиндүүлүгүңүзгө ишенип, азыркы мезгилдин талабын эске алып, аталган долбоорлорду колдойсуз деген үмүттөмүн.

Орустун улуу императору Петр I саздын үстүнө Санкт-Петербург шаарын курган. Сунушталган долбоор көбүнө татаал көрүнүшү мүмкүн, бирок, чечкиндүүлөргө кызыктуу, элдик долбоор болот. Сиз аркылуу Элдик Курултайдын ишине ийгилик каалайм!

№103 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-ноябры
Асылбек ТАГАЕВ, Базар-Коргон району

error: Content is protected !!