"Эркин-Тоо"

Эл мүдөөсү ишке ашып, жеке менчикке кеткен жерлер кайтарылууда

Эгемендүүлүктөн кийинки учурдагы жетекчилер мамлекетти талап-тоногонго жол ачып, ар тармактагы жана жержердеги жемкорлорго, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго шарт түзүп бергенин баарыбыз эң жакшы билебиз. Адилетсиздикке жүлүнү зыркырап, жүрөгү канаган эл эки курдай чоң төңкөрүш жасады. Тилекке каршы, 2005–2010-жылдары бийлик башына келгендер элдин мүдөөсүн аткарбай, коррупциянын сазынан чыкпай, акыры куулуп тынды. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин гана калк күткөн силкинүү башталып, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жигердүү түрдө жүрө баштады. Өлкөнү сүлүк курттай соруп келген уурулар менен кылмыш дүйнөсүндөгү “каралардын” такымына таш толгоо менен акыркы үч жыл ичинде мамлекетке 100 миллиард сомдон ашуун каражат түштү. “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин эле байлыгы 1 миллиард доллар деп айтылып, мыйзамсыз жол менен топтогон байлыгынын баары мамлекетке кайтарылып бүтүп калды. Р.Акматбаев жана К.Көлбаев менен криминалдык чөйрөдө кызматташып, аларга колдоо көрсөтүп, коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечип келген Эркин Мамбеталиевдин мыйзамсыз жол менен алынган 4 миллион доллардан ашык мүлктөрү мамлекетке кайтарылды. Коррупциянын “символуна” айланган Райымбек Матраимовдон 34 миллион 810 миң долларлык мүлкү алынды. Айтор, үзүрлүү иштин натыйжасында жемкорлор менен кылмышкерлер уурдаган элдин байлыгы чекесинен кайтарылып жатат, аларды айтып отурсак тизмеси бир топ узун. Бүгүн биз өлкөнүн ар кайсыл аймагындагы 30 жылдык талап-тоноодо мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, учурда мамлекетке кайтарылып жаткан жер тилкелердин акыркы бир ай ичиндеги тизмегине назарыңыздарды бурууну эп көрдүк.

1-августта Орто-Сай айылындагы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексинен 15 миң чарчы метр турак жай аянты мамлекетке өткөрүлүп берилди. 15 млн долларга бааланып, Улуттук банктын курсу боюнча болжол менен 1 млрд 260 млн сомду түзгөн 15 000 чарчы метр турак жайда 300дөн ашык батир бар. Аталган турак жай аянттарын Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берүү пландалууда.

5-августта “Старый Толчок” – “Евразия” базарынын мүлк комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Белгилей кетсек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 га жер «Шар-Чебер» жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткен. Иликтөө иштеринин натыйжасында «Евразия» базарынын («Эл Гранд» ЖЧКсы) жалпы аянты 1,14 га жер тилкеси жана жалпы аянты 3000 чарчы метрден ашык соода жайлары УКМК тарабынан мамлекеттин карамагына өттү.

6-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Чар» токой чарбасындагы кыңыр иш ачыкка чыкты. 2005–2007-жылдары облустук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Нарын облусунун губернатору болуп иштеген Исабек Абдыгазиев 160,9 гектар жерди бекер алып, 2007-жылдан ушул убакка чейин аталган жер тилкелерин пайдаланганы үчүн бюджетке эч кандай милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес. Мындан тышкары, мейманкана, ресторан, мончо жана башка имараттар максаттуу багытын өзгөртпөстөн жана уруксат документтери жок тургузулуп, туризм тармагында коммерциялык максатта колдонгон. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча И.Абдыгазиев кармалып, жер кайтарылды.

7-августта Каракол шаарынын муниципалитетинин эксчиновниги 2012-2013-жылдары түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте коммерциялык багыттагы жерлерди төмөндөтүлгөн нарк боюнча жеке менчикке өткөрүп бергени аныкталып, 1 млн долларга бааланган Ысык-Көлдүн өнөр жай зонасындагы 1,37 га жер аянты жана Каракол шаарындагы 0,5 ун комбинаты жанаша аймагы менен мамлекеттин карамагына кайтарылды. 10-августта Түп районунун Карасаев айыл аймагында жайгашкан, жалпы сметалык баасы 18 193 000 сомду түзгөн кампалары бар пилорама жана 0,74 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Көрсөтүлгөн өнөр жай объекттери жана жер участогу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен Түп райондук агрардык жана жер реформасы боюнча борборунун, ошондой эле Арал (азыркы Карасаев) айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан Түп районунун жашоочусунун менчигине мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталган.

14-августта УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана мамлекеттин пайдасына кайтаруу боюнча тиешелүү иштердин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарындагы баасы 15 млн сомдон ашкан коомдук тамактануу жайы бар, аянты 0,10 га социалдык маанидеги жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

17-августта Раззаков шаарындагы С.Сыдыков атындагы борбордук парктын аймагындагы жалпы аянты 0,053 гектар болгон жер тилкесин бир көпөс өзүнө менчиктештирип алганын УКМК аныктап чыкты. Мамлекеттин байлыгын мыйзамсыз ээлеп алганын далилдеп бергенден кийин, баасы 54 миллион 859 миң сом болгон жер тилкесин өз ыктыяры менен Раззаков мэриясынын балансына өткөрүп берди.

19-августта коопсуздук кызматы Токмок автобекетиндеги мыйзамсыз менчиктештирүү фактысынын бетин ачты. Көрсө, 1997-жылы ар кандай үлүштөрү бар жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген экен. Анда 30% мамлекеттин үлүшү болгон, бирок мамлекет эч кандай дивиденд алган эмес. Дээрлик 30 жыл бою бир адам пайдасын көрүп келген. УКМК аны иликтеп, далилдегенден кийин жергиликтүү көпөс мыйзамсыз менчиктештирилген фактыны таанып, базар баасы 117 млн сомдон ашык болгон аталган объектти жер тилкеси жана административдик имараты менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

19-августта дагы бир жер тилке боюнча кыңыр иш аныкталып, Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагындагы 52 млн 800 миң сомдук 10,56 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Иликтөөдө аныкталгандай, көп жыл мурун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагындагы балдар лагерин куруу үчүн КараКулжа токой чарбасы тарабынан 10,56 гектар жер тилкеси бөлүнгөн экен. Бирок, 1992-жылы балдар лагери бардык инфраструктурасы жана жабдуулары менен Ош тамеки комбинатына сатылып, Төлөйкөн тамеки заводунун балансына өткөрүлгөн. Ошол эле учурда бул лагерь иш жүзүндө иштебей, кароосуз калган. Мыйзамдуу аракеттердин натыйжасында «Ош-Дубек» ААК жер тилкесин өз ыктыярлары менен мамлекетке өткөрүп берди.

20-августта Жайыл районунун Ак-Башат айылынын аймагында жайгашкан 470 миллион сомдук 31,5 гектар жер аянты мамлекеттин балансына кайтарылды. Чоо-жайын айтсак, 2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп, мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттери боюнча маалыматка жетүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, жеке баюу максатында Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылынын аймагында жайгашкан 31,5 гектар өлчөмүндөгү «Аэродром» жер участогунун учуу-конуу тилкесин жана химикаттарды сактоочу кампасын, ошондой эле «Буудай» ААКга таандык башка курулуштарды 185 миң сомго мыйзамсыз чыгарып алышкан.

21-августта Кемин районундагы темир контейнер менен тосулган, баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 гектар өнөр жай багытындагы жер аянты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул чоң жердин кайтарылышы коомчулукта өзгөчө алкоого татыды десек болот. Анткени, Ысык-Көл менен Нарынга бараткан жолдогу кең аймактын контейнер менен тосулганы көпчүлүктү таң калтырып, тосмосуна эле канчалаган каражат кеткени сөз болуп келген. Эл ичинде түрдүү сөздөр айтылып, жердин ээси катары ар кайсы чиновниктин аты аталып жүргөн. Албетте, саясий чөйрөгө маалым болгон ал жер Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Нурлан Макеевге таандык эле. Эң башкысы, жалпы журттун көз жоосун алган 353,3 гектар жер аянты кайтарылды. Кийинчерээк ал жерде ипотекалык негизде турак үйлөр курулары айтылды.

21-августта базар баасы 219 млн 591 миң сомду түзгөн «Өзгөн Автобекети» ААКны мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды. Аталган инфраструктуралык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен баш тартуу максатында 1 млн 500 миң сом пара берүүдө Финансы министрлигине караштуу МСКнын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы К.Н.Н. кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы моюнга алынып, ыктыярдуу түрдө Өзгөн шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

22-августта Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы жалпы аянты 2443,75 чарчы метр, пайдалуу аянты 14,1 чарчы метр болгон, базар баасы 30 млн 405 миң 970 сомду түзгөн суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылганы белгилүү болду. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, 1998-жылы Ш.Д.К. аттуу жеке адам тарабынан объект мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. 22-августта баасы 35 миллион 865 миң 868 сомду түзгөн Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагындагы 5 гектар жер аянты туристтик жана рекреациялык пайдалануу үчүн жеке колго мыйзамсыз чыгарылганы аныкталып, муниципалдык менчикке кайтарылды.

23-августта мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМК тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын жалпы аянты 2,30 га жер тилкесин мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы аныкталып, наркы 45 млн сом болгон аталган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

24-августта Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Калача айылындагы болжолдуу баасы 92 миллион сомдон ашкан, аянты 1,85 гектарды түзгөн, «Стадион» деп аталган социалдык объект мамлекетке кайтарылды. 25-августта Талас шаарынын базарынын аймагындагы 1,9 га аянттагы жер участокторун жеке менчикке бергендиги аныкталып, жалпы баасы 402,6 млн сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.

    Зулпукаар Сапанов

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!