Жалал-Абад облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарынын катышуусунда эл менен жолугушуулар өткөрүлүүдө
Жалал-Абад облусунун аймагында 12-августан 16-августка чейинки аралыкта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев, Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев жана Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асановдор ар бир шаар райондордо эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев Токтогул жана Кара-Көл, Таш-Көмүр ШРИИБне барып, жеринде өздүк курам жана алардын иштөө шарттары, ишмердүүлүгү менен таанышып, курулуп жаткан жаңы курулуштарга барды.
Таанышуу учурунда өздүк курамга кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, элге сервистик тейлөө көрсөтүүдө талыкпай чын дилден эмгектенип, жарандар тарабынан кабыл алынган арыз-даттануулары кыска мөөнөттө каралып, элдин милицияга болгон ишеничти арттыруу керектигин эскертип, милиция кызматкерлери менен элдин ортосунда алып барып жаткан ар бир ишти көзөмөлгө алуу жагын Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асановго жүктөдү.
Ал эми, Эркебек Аширходжаев жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу учурунда, милиция кызматкерлерине тиешелүү болгон ар бир суроолорго жооп берди.
Соңунда жергиликтүү жашоочулар коомдук коопсуздуктун алдын алуудагы милиция кызматкерлеринин аракеттери үчүн ыраазычылыктарын билдирди.