Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акими Алмазбек РАХМАНКУЛОВ
Лейлек районунун калкы акыркы эки жылдын аралыгында оор сыноолорду баштан кечирди. 2021–2022-жылдардагы чек ара жаңжалдарындагы кандуу окуялардан Тажикстанга чектеш Максат айылы эки жолу кыйроого учураса, Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарынын бир катар айылдарында 2022-жылдын 28-30-апрелдеги тажик аскерлеринин аткылоосунан улам турак үйлөр, короо-сарайлар жараксыз абалга келип, кайрадан тургузулду. Айтканга оңой болгон менен оор күндөрдү баштан кечирген эл сабырдуулугу, мекенчилдиги менен баарын жеңди.
Бүгүн Лейлек районундагы кыйроого учураган айылдар калыбына келтирилип, 100 үй жаңыдан курулду. Мүңкүрөп калбастан, тескерисинче, чыңалган эл өнүгүүгө карай багыт алды. Райондун борборуна улуу инсан Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды, инфраструктурасы жакшырды. Стратегиялык мааниге ээ 130 чакырымдык ички жолдор курулуп, пайдаланууга берилди. Саркенттин суусун тоннель аркылуу алып өтүү, райондун келечеги – ирригациялык тармактарды кыска аралыктарда оңдоо, кайра куруу аркылуу жаңы жерлерди өздөштүрүү маселелери Президенттин жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен жүзөгө ашууда. Биз бул багытта Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов менен баарлаштык.
— Алмазбек Рахманкулович, чынында эле Лейлек эли оор сыноолорду баштан кечирди. Өзгөчө акыркы эки жыл аралыгындагы чек ара жаңжалдары, ошого удаа эле жаз алдындагы табигый кырсыктар элдин маанайын чөктүрбөдүбү?
— Тескерисинче, “бул менин жерим, бул жерде биздин ата-бабаларыбыздын изи калган” дешип, элибиздин мекенчилдиги да, эмгекчилдиги да эки эсе артып, быйылкы жылдын түшүмүн жыйноо менен алектенишүүдө. Кудай буюруп, быйылкы жыл жемиштүү болду. Айрыкча дыйканчылык менен багбанчылык багытында. Өткөндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жабыр тарткан айылдардагы курулуштар менен таанышканы келип, капысынан эле пияз өстүргөн дыйкандарыбыз менен баарлашып калды. 1 гектар аянттан 100 тонна пияз өндүрүшкөн кулундулук дыйкандардын маңдай тер төккөн акыбетин көрүп, аябай ыраазы болуп кетти. Арка өрөөнүндөгү мөмө-жемиштер дагы түшүмдүү болду. Буюрса элибиздин маанайы абдан жакшы.
— Жаңжалда жабыр тарткан жарандардын үйлөрү толук бүткөндүр?..
— Ооба, толук бүттү. Азыр ошол жабыр тарткан Максат, Интернационал, Борбордук жана Сада айылынын тургундарынын дээрлик 95 пайызы жаңы үйлөрүндө жашап жатышат. Элибиз Президентибиз Садыр Нургожоевичке өтө ыраазы. Жаңы үйлөр сапаттуу жана бардык шарттары менен курулду. Ал эми жабыр тарткан жарандардын окуя учурунда тонолуп кеткен мал-жандыктары, автоунаалары мамлекет тарабынан төлөнүп берилди. Алган насыялары кечилди. Баткен облусуна берилген өзгөчө макамдын алкагында көп жеңилдиктер берилди. Ошого удаа эле ири долбоорлор ишке ашып, Лейлек районунун өнүгүү мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө.
— Ири долбоорлор дедиңиз, жакынкы жана келечекте кандай өзгөрүүлөргө күбө болобуз?
— Ачыгын айтканда элибиз да, коомчулук да Лейлектеги чоң өзгөрүүлөргө күбө болууда. Райондун борборунун инфраструктуралык түзүлүшүн кыска аралыкта өзгөрттүк. Шаарга кире беришине коюлган Исхак Раззаковдун эстелигин эске албаганда эле шаардын чок ортосуна коюлган Исхак Раззаковдун айкели, эс алуу багындагы борбордук стадион, райондук акимиаттын алдындагы аянттар реконструкцияланып, сырттан келгендердин көңүлүн тазалыгы, кооздугу, элдин ынтымагы менен бурууда. Сөз кезеги келгенде биздин райондун борбору Раззаков шаарын жаңылоого кошкон салымы үчүн Ош шаарынын мэриясына терең ыраазычылык билдирем. Анткени, мэрия тарабынан бизге 2 млн сомдон ашык каражат беришти. Ошого удаа эле Лейлек районунун кулуну, коомдук ишмер Замирбек Осмоновго жалпы элибиздин атынан рахмат айтам. Бул инсан дал ошол шаарыбызга көрк да, сүр да берип турган бийик Раззаковдун айкелин куруп берди. Ал эми айкел орнотулган борбордук аянтыбыз да райондук администрациянын аракети менен оңдолду. Буюрса аймагыбыз өнүгүү жолунда.
Адилеттүүлүк үчүн айта кетейин, жакында эле Президенттин демилгеси менен Раззаков аэропортуна “өзгөчө стратегиялык маанидеги” статусу берилди. Жакынкы эле жылдарда эл аралык алкакта кызмат көрсөтүүчү аэропортубузду кеңейтүү үчүн кошумча дагы 225 гектар жерди бөлүп берүү каралат. Мындан тышкары, Лейлек районуна кошумча дагы 16435 гектар кайрак жерлерди өздөштүрүү үчүн Саркенттен тоннель аркылуу 4800 метр тоону тешип, суу алып келүү үчүн ири ирригациялык долбоорду ишке ашырабыз. Бүгүнкү күндөгү Лейлек району боюнча 33000 га, анын ичинен 9000 га аянты гана суулуу экендигин эске алсак, Саркент долбоору Лейлектин келечеги деп айтсак болот.
Бизде мындан тышкары кол тие элек кен байлыктарыбыз көп. Ошондуктан Лейлек районунун өнүгүү планынын негизинде цемент жана айнек чыгаруучу заводдорду куруу планыбыз ишке ашат. Эң башкысы, бизде тынчтык болсо, аймагыбыздын өнүгүү мүмкүнчүлүгү өтө кенен.
— Быйылкы жылы 130 чакырымдык ички жолдорду курдук деп айттыңыз…
— Быйылкы жыл чын эле биз үчүн өзүнчө эле жол куруунун жылы болуп калды. Буга чейин көңүл бурулбай келген көп айылдардын жолун оңдодук. Мындан тышкары жаңы жолдорду курдук. Мурда Тажикстан аркылуу бөөдө убакыт, каражат коротуп 125 чакырымдык Шырыкты – Мурас, Бешкент – Жаштык, Жаштык – Беш Мисте – Жаңы-Жер жолдорунун 29 чакырымын бүтүрүп, калкыбызды көп түйшүктөн арылттык. Ал арада көпүрөлөр, чакан ГЭСтер курулууда. Быйыл 7 мектеп курулуп жатат. Алардын 4ү жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет. Ал эми саламаттыкты сактоо тармагындагы дагы бир жагымдуу жаңылык, Кулунду ооруканасы толук жаңыланып, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалат.