Бүгүн, 24-июнда, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү калемгер жана котормочу Шаршеналы Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өттү.
Маркумду акыркы сапарга узатуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, акын-жазуучулар, маданият ишмерлери жана маркумдун жакындары катышты.
Шаршеналы Абдылдаев — кыргыз адабиятына терең из калтырган көрүнүктүү жазуучу. Ал өз өмүрүн эне тилге кызмат кылууга, дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которууга жана жаш калемгерлерди тарбиялоого арнаган. Анын чыгармалары улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү катары эскерилет.
Шаршеналы Абдылдаевдин сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.