"Эркин-Тоо"

Элчи Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Франкфурт-на-Майне шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуу кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» — «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жардам менен ɵттү.

Жолугушууга келген мекендештерди элчи Текебаев 5-май — КР Конституция күнү менен куттуктады. Элчи ɵз сɵзүндɵ Германияда окуп жана иштеп жүргɵн кыргыз жаштарына ийгилик каалап, Кыргызстан менен тыгыз байланышта болууга чакырды.

Жолугушуу учурунда кыргызстандыктардын Германияда болушуна байланышкан ар кандай суроолор боюнча пикир алмашуу болуп ɵттү. Өзүнүн мыкты иш-аракети үчүн кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» — «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жетекчиси Асел Сайраан-Дамир жана анын активдүү мүчөсү Азамат Дамир элчиликтин Алкыш баракчасы менен сыйланды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!