2023-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчиси, Европа Бирлигиндеги Туруктуу Өкүлү Айдит Эркин Европа Комиссиясынын Президенти Урсула фон дер Ляйенге Ишеним грамотасын тапшырды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Эркин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун Еврокомиссиянын Президенти У.фон дер Ляйенге айтып, Кыргызстан Европа Бирлиги менен өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи.
Еврокомиссиянын Президенти Элчини кызматына расмий киришүүсү менен куттуктап, Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.