"Эркин-Тоо"

Элчи Улукбек Марипов Бахрейндин премьер-министрине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Бахрейндеги элчиси Улукбек Марипов Бахрейндин премьер-министри жана Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысынын орун басары мураскер ханзаада улуу даражалуу Салман бин Хамад Аль Халифага ишеним грамотасын тапшырды

КР ТИМден билдиришкендей, салтанаттуу азем учурунда элчи У.Марипов Бахрейн падышасы улуу даражалуу Хамад бин Иса Аль Халифага жана Бахрейн элине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жылуу каалоолорун жолдоду.

Элчи У.Марипов дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө эки дос өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча КР президенти тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Улуу даражалуу мураскер ханзаада Салман бин Хамад Аль Халифа элчи У.Мариповду дайындалышы менен куттуктап, анын бул жогорку кызматта иштөөсү кыргыз-бахрейн мамилелеринин мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүнө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле Мариповго дипломатиялык миссиясында жемиштүү ишмердикти жана ийгиликтерди каалады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!