"Эркин-Тоо"
Гезиттер Жаңылыктар

Кубанычбек Бөкөнтаев: “Миграциялык бир катар мыйзамдар күчүнө кирди”

Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосунда дээрлик бардык тармакта биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылууда. Эки өлкөнүн ортосундагы өнүктүрүү институттары, фонддор да өз ишмердиктерин активдүү жүргүзүп келет. Расмий маалыматтарга таянсак, Россиянын аймагында 600 миңден ашуун кыргыз жарандары эмгектенип келишет. Россияда жакында миграция жаатында кабыл алынган мыйзамдардын мигранттарга таасири, эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев суроолорубузга жооп берди.

— Кубанычбек Кеңешович, соңку кездеги Кыргызстан менен Россия кызматташуусунда кайсы тармактарга басым жасалууда? Бул жаатта өзгөчө эмнени баса белгилээр элеңиз?

— Эки мамлекеттин кызматташуусу көп тармактуу жана ар тараптуу. Кызматташуудагы жигердүү аракеттер стратегиялык өнөктөштүк мамилелердин өзгөчө бекемдигин ырастары анык. Маселен, жыл ичинде Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун Россия Федерациясына жасаган эки жолку иш сапары, ал эми Россиянын мамлекеттик думасынын төрагасы В.В.Володиндин, Россия өкмөтүнүн төрагасы М.В.Мишустиндин биздин өлкөгө болгон иш сапарларын белгилегим келет. Быйыл эки өлкө ортосунда Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюлгандыгына 25 жыл толуп отурат. Негизинен эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттердин олуттуу багыты соода-экономикалык кызматташтык. Мисалы, өткөн жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,9 млрд долларды түзгөн. Түз инвестициялардын көрсөткүчү да жогору. Россия тараптын биздин өлкөгө инвестиция салууга болгон кызыгуусу артып, IT-технологиялар, заманбап индустрия тармагында инвестициялык кызматташууну күчтөндүрүү пландары бар. Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү мамилелер өзгөчө тез ыргак менен өнүгүп жатат. Бул багытта эки мамлекеттин жетекчилеринин демилгеси менен Бишкек жана Ошто, Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Жалал-Абадда окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 9 мектеп курулганы жатат. Аны менен катар Россия тарап Бишкектеги Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин модернизациялоону баштады. Мында материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана билим берүүнүн сапаттык стандарттарын жогорулатуу каралууда. Кызматташуунун алкагында өлкөнү газ менен камсыздоо, энергетикалык коопсуздук, мунай продуктуларын жеткирүү боюнча долбоорлор ишке ашууда. Россия менен Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты арттырууга өзгөчө көңүл бурулууда.

— Жакында Россиянын миграция мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөр кирип, мигранттарга болгон чаралар күчөтүлгөнү маалымдалган. Негизинен мигранттарга карата кандай жаңы талаптар күчүнө кирди?

— Бүгүн Россиянын аймагында 600 миңден ашуун мекендештер эмгектенишет. 2024-жылы Россиянын “Крокус сити холл” концерттик залында болгон террордук актыдан кийин Россиянын мамлекеттик думасы миграция жаатында 20дан ашык мыйзам кабыл алып, иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди. Мисалы, Россиянын аймагында убактылуу же туруктуу жашоого уруксаты жок 90 күн гана жүрө алат (буга чейин 180 күн болгон). Мыйзамсыз жүргөн жарандарга карата 48 сааттын ичинде полиция тарабынан (соттун чечимисиз) Россиянын чегинен тышкары административдик түрдө чыгаруу чечимин кабыл алуу, Россиянын аймагында мыйзам бузуп жүргөндөрдү көзөмөлдөнүүчү жарандардын реестрине киргизүү (банктык картаны блоктоо жана башка укуктарды чектөө) каралган. Ошондой эле Россиянын мектептерине балдарды орноштурууда милдеттүү түрдө орус тили боюнча тестирлөөдөн өтүү өңдүү жана башка өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Жаңы мыйзамдар чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин Россияга кирүүсүнө, анын аймагында жүрүүсүнө жана эмгектенүүсүнө көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Ал эми Россиянын аймагында мыйзам бузуп жүргөн жана мыйзамсыз миграцияны уюштурган жарандарга жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул багытта элчилик, консул кызматкерлери кыргыз мекендештерге Россия тарап миграция жаатында жаңы кабыл алган мыйзамдар боюнча кеңири маалыматтык-түшүндүрүүнү улантып келет. Мисалы, жарым жыл аралыгында 89 464 консулдук кызмат жана иш-аракеттер көрсөтүлгөн. Ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек 15 баланы мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүлдү. Ал эми оор турмуштук кырдаалга кабылган, анын ичинде зомбулуктун курмандыктары болгон 19 жаран Кыргыз Республикасына кайтарылган. Учурдан пайдаланып, Россиянын аймагында жүргөн мекендештерибиз 10-сентябрга чейин документтерин мыйзамдаштыруусуна чакырам.

— Россиянын аймактарында эмгектенген жарандар “Сахарово” миграциялык борборуна барып каттоодон өтүшөт эмеспи. Негизинен каттоо процесси, аны менен катар “Сахарово” чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайында кармалып турган мекендештерибиз да кездешет. Мигранттар кандай эреже бузганда канча убакытка ал жайда кармалат?

— Биринчиден, “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунда чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык медициналык кароодон, манжа изин тапшыруу жана сүрөткө түшүү процедураларынан өтөт. Анткени, бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Россиянын аймагында эмгектенүүгө келген мекендештерибиз жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (6 жаштан баштап жашы жете элек балдар) бул талаптарды аткарууга милдеттүү. Мындан тышкары, 2025-жылдын январь айынан тартып Россиянын аймагында мыйзам бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуудагы алгачкы кадамы дагы аталган миграциялык борбордон атайын белгиленген процедураларды өтүүдөн башталат. Ал эми Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгына караштуу “Сахарово” чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына мекендештерибиз Россиянын мыйзамдарын бузуусуна байланыштуу соттун чечими менен 90 күнгө чейин жайгаштырылат. Бирок практикада, эгер ал борборго жайгаштырылган жарандын төлөнбөгөн айып пулдары же Россиянын аймагынан чыгууга башка себептери жана соттун депортация же Россия Федерациясынын чегинен тышкары административдик түрдө чыгаруу тууралуу чечимине байланышкан доо арыздары жок болсо, Кыргызстанга 3-10 күндүн ичинде эле жөнөтүлөт. Өз кезегинде, элчиликтин кызматкерлери убактылуу кармоочу борборго туруктуу негизде барып, ал жерде мекенге кайтуусун күтүп жаткан мекендештерибизден кабар алат. Маалымат иретинде айта кетсем, учурда аталган борбордо 66 мекендешибиз мекенине кайтуусун күтүүдө.

— Ал эми Россиянын мыйзамдары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган мекендештерибизге токтолсоңуз…

— Тилекке каршы Россиянын аймагында ар кандай кылмыш иштерине аралашып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган мекендештерибиз бар. Бүгүнкү күндө 1374 жараныбыз эркиндигинен ажыратууга соттолуп, жазасын өтөп жатышат. Элчиликтин кызматкерлери абактардагы мекендештерибиздин абалы, аларды кармоо шарттары менен таанышуу максатында туруктуу негизде консулдук чыгууларды ишке ашырып, жарандар менен жолугушууларды өткөрүп келет. Ал эми соттолгон мекендештерибизди Кыргызстанга жазасын андан ары өтөө үчүн которуу маселеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын компетенциясына кирет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бул иштерди Россиянын Юстиция министрлиги менен түздөн-түз иш алып барат.

— Сиз бир учурда эки ишти айкалыштыруу менен Россия жана Армения элчиликтеринин иш милдеттерин аткарып келесиз. Арменияда ушу тапта канча кыргызстандык бар?

— Ооба, 2025-жылдын март айынан баштап айкалыштырып иштөө менен Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалдым. Ушу тапта Арменияда Кыргызстандын 32 жараны туруктуу жашайт. Башкача айтканда, булар тиешелүү түзүмдөрдүн каттоосунда турган жарандар. Арменияда убактылуу иштөө үчүн барган же ишкердик максатта мезгил-мезгили менен келип-кетип турган биздин өлкөнүн жарандары да бар. Алардын саны азыраак. Ал эми 2017-жылдан бери Армениядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу болуп Бабкен Седракян дайындалып, иштеп келе жатат. Ал биздин жарандар менен ар дайым байланышта болуп, жарандардын суроо-талабы боюнча консультация, юридикалык керектүү бардык жардамдарды көрсөтөт. Элчилик Ардактуу консул менен тыгыз байланышта иш алып барабыз.

— Жыл сайын Россиянын жогорку окуу жайлары Кыргызстанга атайын квоталык орундарды берет. Ушу тапта бул өлкөдө канча жараныбыз билим алып жатат?

— Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Россия Федерациясынын Өкмөтү Россиянын жогорку окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алуусу үчүн жыл сайын 700гө жакын квоталык орундарды бөлүп берет. Бул бюджеттик орундарга бакалавриат же керектүү адистикке тапшырган мектеп бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле жогорку билимдин кийинки баскычтарында окуусун улантууну каалагандар тапшыра алышат. Мисалы, 2025-окуу жылында жалпысынан 12481 кыргызстандык жаран билим алып жатышат. Булардын ичинен 6165 студент федералдык бюджеттин эсебинен билим алышууда.

 

Мээрим Бактыбек кызы