— Эльдар мырза, өлкөбүз тышкы карыздарды өз убагында, өз каражатыбыз менен төлөп келе жатканы айтылды. Карыз төлөөдө эч кандай маселе жаралбай тургандыгы, коркунуч жоголгонун өлкө башчыбыз да айтты. Бул өлкө экономикасы өнүгүү жолуна түшкөнүнөн кабар берет да, туурабы?
— Биздин өлкө үчүн мындан ары жылдан-жылга тышкы карызды төлөөнүн көлөмү көбөйөт. Маселен, өткөн жылы 35 миллиард сом төлөнсө, быйыл бул көрсөткүч 57 миллиард көлөмдөгү каражатка чыкты. Кийинки жылы 60 миллиард, андан кийин 70 миллиард сом көрсөткүчтө болуп, кыскасы, жылдан-жылга төлөнө турган карызыбыздын көлөмү өсөт. Анткени, мурунку алган көп карыздарыбыздын төлөө графиги ушул жылдарга туш келип жатат. Экинчи жагынан жыл сайын ички карыз да алынып жатат. Карызды төлөө бир беткей эле өлкөбүздүн өсүшүнөн кабар берет дегенди билдирбейт. Болгону башта айтканымдай карызды төлөөнүн мөөнөтү келди. Ошондуктан, кандай шарт, кандай кырдаал болбосун төлөшүбүз керек. Элибизде “алгандын бермейи бар” деген кеп бар эмеспи. Андыктан, карызды төлөөнү ушундай эле түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан, экономикабыз тез өсүп, ички дүң продукциянын жана казынабыздын көлөмү көбөйбөсө, карыздарды кайтарыш кыйынчылыкты жаратат. Ооба, өлкө жетекчилери тышкы карызды төлөөдө коркунуч жоктугун, өз убагында төлөй ала турганыбызды айтышты. Азыр карыздарыбызды төлөөгө мамлекеттик казынабыздын орточо 14-17 пайызы кетип жатат. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда тапкан акчабыздын ондон бири карыз төлөөгө кетсе бул көрсөткүчкө чыдаса болот. Андан көп кетип калса анда кыйналып калабыз.
— Акыркы убакта инфляция күч алып, сомдун куну кеткени баарыбызга маалым. Тышкы карызды доллар менен алганбыз да. Төлөө учурунда бул көрүнүш кошумча көйгөйдү жаратпайбы?
— Ооба, соңку убакта инфляция аябагандай күч алды. Маселен, инфляциянын көлөмү 2021-жылы 12 пайыздын тегерегинде болсо, 2022-жылы бул көрсөткүч 15 пайыздын тегерегинде болгон. Элибиздин кирешеси менен айлык маяналар да ошого жараша көбөйүп турушу керек. Көбөйбөсө карапайым элдин жашоосу кыйындап калаары айтпаса да түшүнүктүү. Туура, кыргыз сомунун күчү жылдан-жылга долларга карата түшүп баратат. Аны баарыбыз эле байкап жатабыз. Мындан 10 жыл мурун доллардын курсу 47 сомдун тегерегинде болсо азыр 90 сомго чамалады. Демек, буга чейин доллар менен алынган карыздарды мындан ары төлөш өлкөбүз үчүн кыйынчылыкты жаратат. Анткени, биз кирешени сом менен табабыз. Ал эми биздин сомубуз көбүнчө рублдин курсуна байланып калган. Себеби, экономикабыздын 70 пайызга жакыны Россиянын экономикасына көз каранды. Ошондуктан, Россиянын рубли долларга карата түшүп жатса биздин кыргыз сомунун наркы да кетип жаткан болот.
— Айлык-акы, пенсия, жөлөк пулдун өлчөмү жакынкы жылдары баланча пайызга дейре көтөрүлөт десе көпчүлүк таңыркап, ишенген эмес. Азыр өтө чоң деңгээлде болбосо да маянанын көлөмү баштагыга салыштырмалуу жакшы көтөрүлдү. Мамлекеттин мындай камкордугунун оош-кыйыштарына кандайча сереп салаар элеңиз?
— Өткөн жылы мугалимдерибиздин айлыктары сиз айтмакчы, салыштырмалуу жакшы көтөрүлгөн. А бирок, соңку 2 жылдык инфляцияны, базардагы көтөрүлгөн бааларды эске алганда баштагыдай эле болуп калууда. Демек, мындай шартта айлык-акыларды көтөрүү дагы да уланышы зарыл. Мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акылары, пенсиялар мамлекеттик чыгашалар. Эгерде мамлекеттик чыгашалар өссө анда дагы да инфляцияга жол ачып, күч берет. Ушул жагын да эске алуу зарыл.
— Инфляция күч албашы үчүн эмне кылыш керек?
— Ири алды айлык-акылардын жогорулашы экономиканын өсүшүнө барабар болуп, ошонун тегерегинде болсо гана инфляция болбойт. Экономиканы өстүрүш үчүн эң оболу ишкерлердин ишканаларын көбөйтүп, өндүрүштүн, соода-сатыктын көлөмүн да бийик деңгээлге чыгаруу абзел. Ал үчүн экспортубуз өссө, алыс-жакындан келген туристтердин агымы күч алса, кирешенин көбөйүшүнө жол ачат.
— Мамлекеттик казынабыздын алдыңкы жылдарга карай түзүлгөн божомолу канчалык деңгээлде реалдуу деп ойлойсуз? Алдыда мамказынабыз таңкыстыктан (дефицит) арылып, профицит менен “жашап” калган учур келеби? Же андайды биз азыр кыялданбай эле койсок болобу?
— Мамлекеттик казынанын көлөмү ар убак бир аз көлөмдө болсо да таңкыстык (дефицит) болуп турушу керек. Албетте, ашыкча деңгээлде эмес. Ал эми профициттин деле мааниси жок. Анткени, Кыргызстанда жол салуу, ГЭС куруу, бала бакча, мектеп, ооруканалардын жетишсиздигин эске алганда өлкөбүз үчүн кылына турчу иштер өтө көп. Ошондуктан, бизде алдыңкы жылдары мамлекеттик казынанын көлөмү профицит болушу күмөн. Биз болгону тапкан каражатты өз убагында натыйжалуу, тез, алдатпай, уурдатпай колдонуп турушубуз керек. А бизде буга чейин ушундай болуп жаттыбы? Бул жагы өзүнчө суроо.
— Салык саясаты тууралуу кандай сунуш айтаар элеңиз?
— Эң оболу салык тегиз чогултулушу зарыл. Эгерде, салык кимдир бирөөдөн алынып, кай бирлеринен алынбаса (көшөгө артынан коргоо аркылуу) көмүскө экономикага жол ачылып, акыр аягы жемкорлукка гана алып келет. Чет элден келе турчу инвесторлорду салык менен “муунту” өтө чоң ката болуп эсептелет. Колдон келсе алардын салган инвестициясын туура жолго салып, иштетип алсак дурус болмок.
— Чет элден келчү туристтерге эшик ачып, алып-сатуу, кызмат көрсөтүү, тейлөө өңдүү кызматтарыбыз менен каржылык абалыбызды кадимкидей тыңдап жаткан чагыбыз. Бул жагынан биз дагы эмнеден аксап жатабыз?
— Бул жаатта эң биринчи инфраструктура. Сырттан келген меймандарга кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырып, коопсуздукту башкы планга коюп, туристтердин эс алышына жакшы шарттарды түзсөк дээр элем. Менин бул жааттагы сунушум аба майдандарыбызды кеңейтсек да эс алуучулардын саны көбөйөт эле. Буга удаа ар кандай эс алуу турларынын түрүн көбөйтсөк, заман талабына шайкеш көп жылдыздуу конок үйлөрүн курсак жакшы болмок. Биз негедир ушул жагынан аксап жаткандайбыз… Ушул жерден баса белгилөөчү жагдай, канча убакыттан бери баш калаабыз Бишкекти каптаган ыш, кара түтүн көптөгөн чет элдик эс алуучуларды качырып жатат. Биринчи биз ушул маселени чечип, жолго койбосок болбойт.
— Соңку жылдары Казакстан Кыргызстандан бара жаткан оор жүктөрдү убагында чек арасынан өткөрбөй, бизге экономикалык жактан оор сокку урганы адат болуп калгансыйт. Биз алардын экономикабызга жасаган карасанатай “блокадасынан” кантип кутулабыз?
— Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек арада биз Евразия Биримдигине киргенден тарта, өзгөчө 2017-жылдан баштап оор жүктөрдү ташыган унааларыбыз токтоп калып жатат. Бул көбүнчө Кытайдан келе жаткан жүктөргө тиешелүү, кандайдыр бир деңгээлде атаандаштыктын негизинде болуп жаткансыйт… Анткени, Кыргызстан аркылуу көбүрөөк жүк өткөндүктөн, кирешеси да бизге көбүрөөк калып жатат да. Бажы биримдигине кирген соң мыйзам боюнча Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек арада көзөмөл болбошу керек. Евразия биримдиги чек арабыздагы түзүлгөн кырдаалга карата чара көрүшү керек болчу. Азыр биримдикте мыйзамдар жазылганы менен иштебесе, бул уюм боюнча көптөгөн суроолор жаралууда. Өлкөбүз тээ илгертен баштап транзиттик аймак болгондуктан биз аркылуу көптөгөн жүктөр өтсө ошончолук элибиздин кирешеси да жакшырып, тышкы миграция азаймак. Ошон үчүн биз мындай маселелердин үстүнөн катуу иштешибиз керек. Кечиктирбестен темир жолду бүтүрүп, аба майдандарыбызды кеңейтишибиз учурдун эң зарыл талабы.