"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Элдик Банк» Кытайдагы эл аралык каржы көргөзмөсүнө катышып, CIPS менен келишим түздү

«Элдик Банктын» делегациясы Шанхай шаарында өтүп жаткан China International Financial Exhibition 2025 көргөзмөсүнө катышууда. Анын жүрүшүндө банк Кытайдын чек ара аралык төлөм системасы болгон CIPS (Cross-Border Interbank Payment System) менен түз катышуучу болуу боюнча келишимге кол койду. «Элдик Банк» менен катар эле CIPS системасына дүйнөдөгү эң ири банктар – UOB (Сингапур), Standard Bank (Түштүк Африка), Afreximbank (Египет), MOX (Кытай), First Abu Dhabi Bank (БАЭ) да кошулду.

Бул кызматташуу Кытай жана башка өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө банк кардарларына ыңгайлуу шарттарды түзүп, төлөмдөрдү тездетүүгө, чыгымдарды азайтууга жана Кытай рыногуна чыгууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле бул кадам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы каржылык жана соода байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болот.