«Элдик Банк» ААКсы Beeline Кыргызстан бренди менен иштеген «Скай Мобайл» компаниясынын 100% акциясын сатып алуу боюнча келишимди жыйынтыктады.
Маалыматка ылайык, бул чечим Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ырааттуу мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат жана улуттук кызыкчылыктарды бекемдөөгө, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталган.

