"Эркин-Тоо"

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды

Бишкекте ИИМ «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ак-Босого жаңы конушунда 1987-жылы туулган М.А. аттуу жаран башкарып бараткан Mazda 6 үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Текшерүү маалында «Элдик көзөмөл» бирикмесинин күбөлүгү табылган.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган жарандын жашаган жеринде ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө «Афур» аттуу кызматтык-иликтөө иши менен биргеликте от жаккан мештин бурчунан жалпы салмагы 272 грамм «гашиш» табылган.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Кылмышка шектүү жаран КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда КР ИИМдин БМЖККК кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!