"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

“ЭЛДИК КУРУЛТАЙ – БУЛ ДЕМОКРАТИЯНЫН ӨЗӨГҮ ЖАНА АЯНТЧАСЫ”

Бюджеттин көлөмү 1 триллион 93 млрд сом

Соңку үч жылда ИДПнын орточо өсүү темпи 9,8 пайызды түзгөнүн белгилеген Мамлекет Башчысы быйыл да экономикалык активдүүлүк жогору бойдон сакталганын айтты. Маселен, 2025-жылдын 11 айында ИДПнын реалдуу өсүшү10,2 пайызга жетип, эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү. Эл аралык валюталык фонддун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүүтемпи боюнча дүйнөдөгүалдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Бул биздин экономикалык саясатыбыздын натыйжалуулугун, улуттук стратегиянын туура экендигинин жана элибиздин тынымсыз эмгегинин айкын далили. Эгерде 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,7 млрд сом болсо, быйылкы көрсөткүч боюнча 1 триллион 93 млрд сомдун чегине жетти. Кыска тарыхый учур үчүн бул дээрлик төрт эселеген өсүш. Мындай динамикалык өсүш өлкөнүн каржылык негизинин бекемделип жатканын жана жүргүзүлгөн реформалардын тууралыгын көрсөтүүдө.

1 жылда “Кумтөрдөн” 678 миллион доллар

Өлкөдөгү жүрүп жаткан ири курулуштарга эбегейсиз чоң чыгымдар кетип жатканы баарыбызга белгилүү. Мынчалык каражаттар каяктан келип жатат деген суроолор бар. Садыр Жапаров анын сырын жандырып, бир эле тармак боюнча кыскача маалымат берди. Айтсак, “Кумтөр” кенин өзүбүздүн мамлекетке алганыбыздан бери көргөн пайдабыз тууралуу дайыма кеңири сөз болуп келе жатат. “Кумтөрдөн” быйылкы жылы эле 678 миллион доллар таза киреше түшкөн. 2020-жылга чейин 1 миллион доллар да киреше бербеген «Кыргызалтын» быйылкы жылда 200 миллион долларлык киреше берген. Мурда жылына мамлекеттен 300 миллион сомго чейин дотация алып олтурган “Макмал” алтын кени быйыл 670 миллион сом таза кирешеге чыкканы маалым болду. «Кыргызалтындын» былтыр жаңы ачылган алтын дүкөнүбир жылда 735 миллион сом таза киреше алыптыр. Ошондой эле 2021-жылга чейин дайыма чыгашага иштеп келген, мамлекеттик бюджеттин мойнуна минип дотацияда отурган «Кыргызстан аба жолдору», «Кыргыз темир жолу» сыяктуу көптөгөн тармактар да кирешеге иштей баштаганы маалым. Айтор, Президент каражаттар кайсыл жактан түшүүдө деп көптөр кызыккан суроолордун жообу мына ушул тармактарда жатканын айтты.

Текшерүүгө бөгөт коюлуп, бизнеске жеңилдик берилет

Өлкө жетекчиси бардык ишкерлерге, ал жаңы ишин баштаган ишкерби же тажрыйбалуу ишкер болобу, мамлекет аны эч качан жалгыз таштабастыгын жана анын ийгиликтерге жетишине ишенимдүүөнөктөш болуп берерин билдирди. Ооба, азыркы убакта айрымдары ашыкча текшерүүлөргө туш болуп, кээ бир учурларда адилетсиздикке да туш келип жатканы жашыруун эмес. Президент алардан кабары бар экенин айтып, жаңы жылдык каникулдардан кийин салык түзүмдөрүменен бизнес чөйрөсүн чогултуп, ийри олтуруп түз кеңешип, чечимдерди кабыл алуу планын ачыктады. Анын жыйынтыгында бизнеске көптөгөн жеңилдиктер берилмекчи. Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы тийиштүүоргандарга кайрылып, текшерүүнүтоктотууну өтүнгөн.

Уурдалган байлык, тонолгон мүлктөр кайтарылууда

Эгемендиктин алгачкы жылдары айрым ач көз адамдар өздөрүнүн гана пайдасын ойлоп, элге тиешелүүкөптөгөн мамлекеттик мүлктөрдүмыйзамсыз түрдө менчиктештирип алышкан. Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен заводдор, фабрикалар, ишканалар, жер участоктору, имараттар жана стратегиялык объектилер – мунун баары мамлекетти эбегейсиз чоң зыянга учуратып, байыгысы келгендердин бекер олжосуна айланган. Натыйжада өлкө өзүнүн активдеринен гана эмес, өнүгүүмүмкүнчүлүктөрүнөн, иш орундарынан жана билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарга багыттала турган миллиарддаган кирешелеринен кол жууган. Бүгүн ошол мүлктөрдүмамлекетке кайтарып, адилеттүүлүк калыбына келтирилүүдө. Бул багытта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, ИИМ менен прокуратура органдары жүргүзүп жаткан кеңири жана кылдат иштер үзүрүн берип жатканына токтолгон Өлкө Башчысы жүз миллиарддаган сомдук активдер жана объектилер мамлекетке кайра кайтарылганын айтты. Кайтарылган мүлктөр – жалпы элибиздин байлыгы. Ал бир нече кызыл кулак адамдарга эмес, бүтүндөй элдин кызыкчылыгына кызмат кылууга тийиш.

Чек араны чечкендерге ыраазычылык

Баарыбыз билгендей, Кыргызстан үчүн эң оор жана көп жылдык сыноолордун бири – бул мамлекеттик чек аралардын так аныкталбай келиши эле. Чек арасы такталбаган өлкө юридикалык жактан толук калыптанбаган, өз мамлекеттүүлүгүн коргоодо алсыз өлкө болуп саналат. Мамлекеттик чек арабыздын өз учурунда толук такталбагандыгынан, узак жылдар бою элдин тынчын алган татаал мезгилдерди, ал түгүл кандуу окуяларды башыбыздан кечирдик. Албетте, ал күндөр артта калды, чек арабыз чечилди. Садыр Жапаров чек ара маселесинин толук чечилиши, жөн гана жетишкендик эмес, бул – өлкөнүн коопсуздугу жана толук көз карандысыздыгы үчүн кепилдик экенин билдирип, Камчыбек Кыдыршаевич баштаган өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдирди. Чындыгында эле чек ара маселесинин толук чечилиши менен, биз тынчтык, ынтымак жана ишеним дооруна кадам таштадык. Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен болгон чек ара көйгөйүнүн тынчтык жолу менен толук чечилиши аркылуу Кыргызстанда эле эмес, жалпы Борбор Азиядагы коопсуздук камсыздалды.

9250 үй-бүлө турак жайга ээ болду

30 жылдык тарыхта турак жай көйгөйүда өтө кейиштүүабалга жеткени маалым. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин жарандарыбыздын үй көйгөйү да чечилүүдө. Былтыртан тарта жаңы салынган үйлөр бериле баштаган. 2025-жылы жарандарыбызды батир менен камсыз кылуу боюнча тарыхый жыйынтыктарга жеттик. Мамлекеттик ипотекалык компания мурда болуп көрбөгөндөй жогорку темпти көрсөтүп, ушул жылы эле 4600дөн ашык үй-бүлө батир алды. Бул акыркы төрт жылдагы жалпы берилген турак жайлардын жарымын түзөт. 2021-жылдан бери өлкө боюнча 9250 үй-бүлө өз үйлөрүнө ээ болду. Быйыл турак жай курулушун каржылоо көлөмү40 миллиард сомдон ашты, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге көп дегендик. Учурда республиканын бардык аймактарында 70 миңге жакын батирдин курулушу жүрүп жатат. Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекет ресурстарды бөлүштүрүп гана тим болбостон, баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзгөн, ар бир үй-бүлөгө, өлкөнүн алыскы аймактарына да колу жетип турган камкор өлкө болууга тийиш экенин баса белгиледи.

Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлөт

Элдик Курултайда Президент эң маанилүү маселени көтөрүп, мамлекеттик органдар, жарандык коом, ар бир үй-бүлө – бардыгыбыз мугалим менен дарыгердин аброюн көтөрүүгө милдеттүүэкенибизди айтты. Балдарыбыздын кат-сабатын ачып, баарыбызды дарылагандарга сый-урмат болмоюнча, маданияттуу жана өнүккөн өлкө боло албастыгыбызды белгилеп, 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы дагы бир ирет көтөрүлө тургандыгын билдирди. Буга чейин Министрлер Кабинетинин Башчысы Адылбек Касымалиев 50%дан кем эмес көтөрөбүз деп жарыя кылган эле. Президент кеңешип, Өкмөттүн чама-чаркын кайрадан карап чыгып, эмгек акыга кошумча бир ставкага 15 миң сом өлчөмүндө Президенттик компенсациялык төлөм киргизүүменен эмгек акыларын орточо 100%га көтөрөлүдеп чечкени белгилүүболду. Эске сала кетсек, учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом. Ал эми келе жаткан жылдын 1-апрелинен тартып, көбөйгөндөн кийин 52 миң сомдун тегерегин түзөт. Мугалимдердин айлыгы негизинен алардын билим деңгээлине, педагогикалык иш стажына, квалификациялык категориясына, аймактын жайгашкан жерине, окуткан сабагына жана жумалык саат жүктөмүнө жараша аныкталат. Шаар жергесиндеги орто билим берүүмектебинде педагогикалык орто билими бар, бирок педагогикалык стажы жок жаңы келген мугалимдин эмгек акысы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 36 800 сомду түзүп, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна таза 31 200 сомдун тегерегинде алат. Райондук коэффициенти 1,8 болгон, тоолуу алыскы райондо иштеп жана жашаган, 30 жылдан ашык педагогикалык иш стажы бар орто мектептин математика мугалиминин учурдагы эмгек акысы 65 800 сом, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эмгек акысы 97 600 сомду түзмөкчү. Ал эми дарыгерлердин орточо айлыгы учурда 31 500 сомду түзөт, эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 62 500 сомду түзүп, колуна 50 000 сомдун тегерегинде алат. Шаар жергесинде тажрыйбасы жок бир ставка менен жаңы иштеп баштаган дарыгердин айлыгы учурда 16 900 сомду түзөт, ал эми көбөйгөндөн кийин 42 100 сомду түзүп, колуна 35 500 сом алат. Алыскы тоолуу аймакта жогорку квалификациялык категориядагы жана 30 жылдык иш тажрыйбасы бар бир ставка менен эмгектенген дарыгердин айлыгы 91 700 сомду түзүп, колуна 75 700 сомдун тегерегинде алат.

Президенттин сөзүнөн кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев сүйлөдү. Андан кийин делегаттардын жарыш сөздөрүбашталып, региондогу көйгөйлөр айтылды.

Зулпукаар Сапанов