"Эркин-Тоо"

Элдик Курултайдын катчылыгына бюджеттен туруктуу каражат бөлүнөт

Министрлер Кабинетинин Трагасы Акылбек Жапаров Элдик Курултайдын катчылыгынын иши тууралуу токтомго кол койду. Токтом «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.

Министрлер Кабинети токтом кылат:

— «Элдик Курултайдын катчылыгы» мекемесин (мындан ары — катчылык) түзсүн;

— катчылык — бир айдын ичинде юстиция органдарында каттоодон өтсүн;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги — зарыл болгон каражаттарды табууга жана катчылыктын ишин белгиленген тартипте каржылоого;

— Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик — Президенттин Администрациясы менен бирдикте катчылыкты зарыл болгон жай менен камсыз кылсын;

— министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү администрациялар жана башка мамлекеттик органдар катчылыкка жүктөлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашырууда зарыл жардам көрсөтүүгө милдеттүү;

— катчылыктын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобону министрлер кабинетинин токтомуна киргизсин.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!