"Эркин-Тоо"

ЭЛДИН АКТИВДҮҮЛҮГҮНӨ ЫРААЗЫ

Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында жаңы спорт комплекси ачылды. Иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Аталган имараттын курулушуна жалпысынан республикалык бюджеттен 38 млн сом акча каражаты сарпталды. Б.Нарбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен Талас облусунда 284 долбоорду ишке ашыруу үчүн 506 млн сом каралып, конкреттүү иштер жүргөндүгүн белгилеп, социалдык, маданий, спорттук объектилерди курууда, аймактарды өнүктүрүүдө элдин жарандык активдүүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!