"Эркин-Тоо"

Элдин байлыгы – элге кайтарылууда

Садыр Жапаров Мамлекет башына келген күндөн тарта эң башкы максаты – бакубат Кыргызстанды куруу экенин ар дайым белгилеп келе жатат. Ал максатка жетүү үчүн тынымсыз аракеттерди көрүп, күнү-түнү эмгектенгенине күбө болуудабыз. Эгемендик алгандан берки тарыхыбызда жасала элек иштер иш жүзүнө ашып, төрт жылдын аралыгында жүздөгөн ишканалар, социалдык объектилер, ири имараттар курулуп, күн сайын өнүгүүгө карай кадам шилтөөдөбүз. Баш көтөрбөй иштеген эмгектин натыйжасы сандар менен тастыкталганы баарына маалым. 2021-жылы мамлекеттин консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сом болсо, ал төрт жылда 700 миллиард сомго жетти. Ал эми ички дүң продукция 1,5 триллион сомдон ашты.

“Кумтөр” мамлекетке иштей баштады

Садыр Жапаров Президенттик кызматка расмий киришкенине 28-январда төрт жыл болот. Мамлекет башчысынын бул аралыктагы эң орчундуу, элибиз үчүн пайдалуу иштеринин бири – “Кумтөрдү” кайтаруу болду. Негизи эле өткөн тарыхты эстесек, “Кумтөр” дегенде биринчи Садыр Жапаров эске келет. Дегенибиз, ал эл өкүлү болуп турган кезинен тарта “Кумтөрдү” мамлекетке кайтарып алууга тынымсыз жан үрөдү. Президенттикке ат салышар алдында “Кумтөр” Кыргызстандын кызыкчылыгына иштейт” деген убадасын берген. Албетте, көпчүлүк буга ишенген жок. Себеби, 30 жыл аралыгында “Кумтөрдөгү” шылуундар бийликке келген жетекчини сатып алып, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштетип келишкен. Коомчулукта аларга эч кимдин тиши өтпөйт деген ишеним орногон эле. Чынында эле “Кумтөрдү” толук өзүмдүк кылып алган чет элдиктер оңою менен бере койбосу анык болчу.

Арийне, өжөр мүнөзү бар, айтканынан кайтпаган Садыр   Жапаров президенттик ишке киришери менен дароо “Кумтөрдү” кайтарды. Бул жалпы элибиз үчүн чоң жеңиш болду. Ар бир мекендешибизде чечкиндүү кадамдарды жасап, мамлекетти өнүктүрсө боло турган ишеним жаралды. Албетте, ошол күндөн тарта ишкананын бардык пайдасы өзүбүзгө түшө баштаганы менен, канадалык шылуундардын ортосунда талаш өкүм сүрдү. Туш тараптан чыккан карөзгөйлөр эми жылдарга созулган соттук иштер уланып, “Кумтөр” банкрот болорун, биз эл аралык соттон утулуп каларыбызды айтып какшап жатты. Бул жерде дагы Садыр Жапаров кыраакылыгы менен караңгыдан жол таап чыкты. 2022-жылдын 4-апрелинде эң чоң улуттук байлыгыбыз болгон “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын билдирди. Канадалык шылуундар колунан келишинче талашып, дүйнөлүк сотко арызданып, болгон аракетин кылышты. Акырында чегинүүгө аргасыз болду.

Ошентип, Садыр Жапаровдун канча жыл чеккен азабынын акыбети кайтты. Эчен жылдан бери чет элдиктердин саан уюна айланган “Кумтөр” кыргыз элине кызмат кыла баштады. Төрт жылдагы таза кирешеси 1 млрд 174 млн долларды түздү. Аны жылдарга бөлүп карасак, 2021-жылы 233,1 млн доллар, 2022-жылы 371,7 млн доллар таза киреше түшсө, 2023-жылы 302,4 млн долларга жеткен. «Центерра» иштеткен маалда бир жолу гана киреше түшүп, чакан көлөмдөгү дивиденд төлөгөн. Былтыркы жылдын 11 айында жалпы киреше пландан дээрлик 200 млн долларга көп болду. Тактай кетсек, 2024-жылдын 11 айында киреше 623,4 млн долларды түзөт деп пландалган. Иш жүзүндө андан дээрлик 200 млн долларга көп болуп, жалпы киреше 822,9 млн долларды түздү. Таза киреше план боюнча 142,4 млн доллар болсо, иш жүзүндө 318 млн доллар болду. “Кумтөр” ишканасы 11 айда республикалык бюджетке салык жана төлөмдөр түрүндө 15 млрд 625 млн сом төлөдү.

Кенди мамлекет өз колуна алгандан бери 54 тоннадан ашык алтын өндүрдү. 2021-жылы 14,5 тонна, 2022-жылы 17,3 тонна, 2023-жылы 13,5 тонна, 2024-жылы 10 айда 9 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн. Кен байлыкты чет элдик компания иштеткен 28 жылда 420 тонна алтын казылган, анын 1 граммы дагы Кыргызстанга калган эмес. Кыргызда, “эч болбосо кеч болсун” деген жакшы кеп бар. Анын сыңары «Кумтөр» кени эми да болсо мамлекетке өтүп, кыргыз элинин пайдасына иштеп жатканы Садыр Жапаровдун кыргыз элине жасаган эң чоң жакшылыгы. Эчен жыл алтыны алтындай, акчасы акчадай сыртка ташылып кетип турган, элдин ырыскысын өзгөлөп жеп турган жаратылыш кенибизди Кыргызстандын менчигине өткөрүп алган соң миллиарддаган каражаттар өзүбүздүн казынабызга түз түшө баштады. Түп-тамыры менен реформаланып, жаңы тартипте иштөөгө өткөн ири тармактардан түшкөн каражаттар менен өлкө экономикасы ирденип, бюджетибизде акча көбөйүү менен жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулуш көрсөттү.

Мыйзамсыз менчиктешкен мүлктөр

Эгемендик алгандан берки жылдарда мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз менчиктештиргендер көп болгонун билебиз. Садыр Жапаров өз ишин баштагандан тарта ушул багыттагы ишти да катуу жүргүзүп, элдин мүлкүн кайтаруу багытында өтө чоң иштерди аткарып жатат. Бул иш бүгүнкү күндө да тынымсыз жүргүзүлүүдө. Ири базарлардан эле бир нечеси мамлекетке кайтарылды. Маселен, Оштогу эң чоң Кара-Суу базары жер тилкелери менен малекетке өткөрүлүп, ижара акысы 50 пайыз арзандатылган. Андан кийин Каракол шаарындагы болжолдуу баасы 700 миллион сомдон ашкан «Ак-Тилек» базары жана Караколдогу наркы 233 миллион сомдон ашык «Макиш» жана «Бугу» соода базарлары мамлекетке өткөн. Ошондой эле Бишкектеги «Старый Толчок» базары, «Сары-Өзөн – Дыйкан» базары жана «Баткен – Комфорт» базары мамлекетке чегерилген. Мындан сырткары, Өзгөн районундагы баасы 470 млн сомдук, 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты бар базар жана Аксы районунун Кербен шаарындагы 23 млн сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылган. Былтыр “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы “Оберон” базарлары жайгашкан жер мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталып, Бишкек шаардык сотунун чечими менен мэрияга өттү. Жалпы баасы 3,9 млрд сом болгон жер мамлекетке алынды.

Кылмыш дүйнөсүндөгүлөрдөн да элдин мүлктөрү кайтарылып алынды. “Мыйзамдагы ууру”, УКМКнын атайын операциясы учурунда жок кылынган Камчы Көлбаевдин 1 миллиард долларга бааланган мүлкү мамлекетке өткөрүлдү. Атап кетсек, 80 миллион сомдук жылкылары, Бишкектеги Чүй проспектисиндеги “Ай-Пери” имараты, Каракол лыжа базасынын жанындагы 2 гектар жер, “Күрмөнтү цемент” заводундагы 93 пайыз үлүшү, МОQО кофейнясы, “Булат” аңчылык клубу, ошондой эле кымбат баалуу унаалары, жер участкалары мамлекетке кайтарылып алынган. Кадыр Досонов, Эркин Мамбеталиев, Чыңгыз Жумагулов сындуу кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөрдөн да элдин мүлкү өндүрүлүп, жалпы 50 млрд сом (мүлк жана акчалай түрүндө) мамлекетке төктүрүлдү. Эки ирет кармалган Матраимов мамлекетке 223 млн 419 миң 615 доллар төлөп берди. Бул 18 млрд сомдон ашык акча болот. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековго таандык болгон, баасы 2 млрд 40 млн сомду түзгөн “Капитал банкы” жана Бишкектин ортосундагы мыйзамсыз ээлеп алган арак заводу мамлекетке өттү. Улай айтсак, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Жумалиев 1 млрд сом (11 млн доллар) акчалай жана мүлк иретинде төлөдү. Анын 45 млн сомун накталай төлөп, Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун 955 млн сомго баалап, мамлекетке өткөрүп берди. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Макеев менчиктештирген, базар баасы 4 млрд сомдук Кеминдеги 353 гектар жер мамлекеттин менчигине кайтарылды.

 

                                                                                                                                 Зулпукаар Сапанов

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!