"Эркин-Тоо"

Элдин колуна шайлоо укугу толук берилеби?

Учурда эл арасында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү өзгөртүүлөр киргизилип жаткан конституциялык мыйзам кеңири талкууга алынып жатат. Негизинен кыргыз элинин менталитетине туура келген долбоор экени белгиленип, эгер сунушталган мыйзам кабыл алынып калса элдин колуна шайлоо укугун толук бере турган система болору айтылууда.

Баарыбыз билгендей, Кыргызстан эгемендик жылдарында эл өкүлдөрүн шайлоо системасынын дээрлик бардык түрлөрүн баштан кечирди. Айтылуу Легендарлуу парламенттен кийин биринчи чакырылыш бир мандаттуу округдардан куралып, 1999-жылга чейин мажоритардык система менен иш алып барды. 2003-жылы Конституция өзгөргөнүнө байланыштуу 75 депутаттан турган бир палаталуу парламент болуп, депутаттар бир мандаттуу округдардан шайланган. Ал өзүн-өзү актаган жок окшойт, 2005-жылы төңкөрүш болду. Бакиев эки жыл иштей электе мурунку системанын оркойгон кемчиликтери айтылып, 2007-жылы партиялык система киргизилди. Аталган система дагы өз жемишин бербей, экинчи төңкөрүш орун алды. Убактылуу өкмөт дароо Конституцияны өзгөртүп, 2010-жылы толугу менен пропорционалдык системага өттүк. Ошондо партлидерлеринин коррупциясы башталганына күбө болдук. Алдыңкы тизмелер кадимкидей сатылып, эл өкүлдөрү эл менен эсептешпей калган учурду көрдүк. Анын аягы жүрүп отуруп туңгуюкка кептелип, мамлекет Матраимовго окшогон жемкорлор түзгөн партиялардын чеңгелинде кала турган жагдайга такалды. Аргасыздан үчүнчү ирет дагы толкуп, 2020-жылы күзүндөгү парламенттик шайлоодо эл көтөрүлдү.

Элдик толкундоодо жалпы кыргыз журту жапатырмак чыгып, Садыр Жапаровду бийлик башына алып келишти. Анда дагы шайлоо системасы кайрадан алмашып, Жогорку Кеңеш аралаш система менен куралды. Албетте, ал учурда элдин жана саясий топтордун кызыкчылыгын эске алуу зарыл болгон. Эч кимге жашыруун эмес, 2020-жылы тышкы күчтөрдүн таасиринде, ачыгын айтканда каржылоосунда жүргөн саясатчылар, жарандык активисттер арбын эле. Жарым жылга чейин бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жума сайын митингдерди өткөргөнүн эч кимибиз унута элекпиз. Алар кыпындай шылтоо тапса, баш аламандык уюштуруп жиберүүдөн кайра тартпай турушкан. Жаңы келген бийлик 54 мандат партия менен, 36 мандат бир мандаттуу округдардан болсун деген компромисске келүүгө аргасыз болгон. Мына эми элдин колуна шайлоо укугун толук бере турган системаны киргизүүгө шарт жаралууда.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон бир катар депутаттар сунуштаган мыйзам долбооруна Мамлекет башчысы Садыр Жапаров дагы өз пикирин билдирип, жакшы жактары арбын экенине токтолду. Ошого катар партиялык системага кайсы бир учурда келерибизди белгиледи.

“Европа өлкөлөрү азыркы биз басып өтүп жаткан жолду 40-50 жыл мурда өтүп коюшкан. Ошончо кыйынчылыктарды басып өтүп келип, анан алардын эли да, саясатчылары да партиялык системага даяр болгону үчүн азыр партиялык башкаруу системасы иштеп жатат. Бизде партиялык системага элибиз да, саясатчыларыбыз да даяр эмес экенин мезгил көрсөттү. Уйкудан эрте тургандардын баары эле партия ача салып, акчалууларды топтоп шайлоого катышмай, алдыңкы орундарды сатмай, бийлик менен соодалашмай болуп, өзүнчө эле саясий бизнес болуп кетти. Мына биз азыр ушул саясий коррупцияны жок кылганы жатабыз. Балким 40-50 жылдан кийин биздин элибиз менен саясатчыларыбыз даяр болуп калса, андан кийин партиялык башкаруу системасына өтүшүбүз толук мүмкүн. Бирок, азырынча депутаттар сунуштап жаткан система биздин өлкөнүн кызыкчылыгына туура келет. Парламент шайлоочулардын алдында жооптуу болот” деди Президент.

Сунушталган мыйзамга ылайык, өлкө боюнча 30 аймак түзүлүп, ар биринен үчтөн депутат шайланат. Мурдагыдай “бир мандаттуу” эмес, “көп мандаттуу” болот. Үч орундун бирөө гендердик квота боюнча берилет. Ошондо парламентте 30дан кем эмес айым депутат болот. Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарында тиешелүү аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп сандагы добушун алган аял талапкерлер аялдардын квотасы боюнча шайланды деп таанылат. Эгерде Жогорку Кеңештин аял депутаты чыгып кеткен учурда депутаттык мандат тийиштүү көп мандаттуу аймактык шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп сандагы добушун алган аял талапкерге берилет. Ушул жерден тактай кетели, тийиштүү шайлоо округдарында кайсы бир себептердин негизинде мандатын тапшырган депутаттардын ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаты чыгып кеткен учурда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп сандагы добушун алган кийинки талапкерге берилет. Бул эң зарыл болгон талап болчу. Анткени, кеткен депутаттын ордуна шайлоо өткөргөн сайын мамлекеттик бюджеттен олчойгон чыгым кетчү. Эгер азыркы сунушталган мыйзам кабыл алынса, бул көйгөй да чечилет.

Баса, шайлоого партиялар да өз талапкерин сунуштай алат. Азыр саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына ар бир аймакка бирден гана талапкерди көрсөтөрү белгиленген. Бул жагдай партиялар 30 гана талапкер менен чектелет дегенди билдирет. Бирок, коомдук талкууда ар бир аймакка үчтөн көрсөтүлсүн деген сунуштар айтылууда. Эгер андай болсо, ар бир округдан үчтөн болот да, партиялардан 90 талапкер көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Асыресе, андайда шайлоого коё турган күрөө көбөйүшү мүмкүн. Азыркы мыйзам долбоорунда ар бир талапкер үчүн 100 миң сомдон күрөө деп турат. Ошондо 30 талапкердики 3 млн сомду чапчыйт. А эгер 90 талапкер көрсөтүшсө, анда 9 млн сом күрөө коюш керек болуп калат. Албетте, бул талкуулардан кийин чечилет.

“Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей, коомчулукта дагы деле шайлоо маалында акчалуулар чыгып кетпейби деген чочулоолор айтылууда. Чындыгында буга чейинки шайлоолордо негизинен акчасын самандай сапыргандар мандатты алып келишкен. Муну биринчиден эл токтотушу керек. Акчалуу кишини шайлабай койсо эле иш бүтөт. Анткени, азыркы шайлоо системасы автоматташтырылган, добушту мурдагыдай шайлоо участокторунан бурмалай алышпайт. Экинчиси, бийлик тарабынан добуш сатып алууга каршы катаал күрөш жүрүп жатат. Акыркы шайлоолордо добуш сатып алууга белсенгендерге чара көрүлүп, камакка алынды. Парламенттик шайлоолордо Камчыбек Жолдошбаев, Дамира Ниязалиева кармалса, былтыр өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина камакка алынды. Демек, бийлик шайлоо системасын эч ким бурмалай албай тургандай кылып, ага катар добуш сатып алууга каршы чараларды жасап жатат, эми биз ага көмөктөшүшүбүз керек. Ошону менен биз буга чейинки жетекчилер былгытып кеткен илдеттен кутулабыз. Баарыбыз эле билип бүттүк, акча чачкан талапкер эч качан элдин кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Беш жыл бою чачкан акчасынын ордун толтуруш үчүн гана иштейт. Биз мындан ары андай ниети бузуктарга жол берип, шарт түзбөшүбүз зарыл.

 

                                                                                                              Кылычбек Кудайбергенов

Пример HTML-страницы