"Эркин-Тоо"

ЭЛДИН МҮЛКҮ ЭЛ ҮЧҮН КЫЗМАТ КЫЛЫШЫ КЕРЕК

Ушу тапта коомчулукта профсоюздар федерациясы боюнча терс пикир жаралган. Ага канчалаган элдик мүлк мыйзамсыз же мыйзамдуу сатылып кеткени жөнүндөгү имиш кептер себеп. Мыйзамдуу дегенибиздин себеби, 21-июнда парламент жыйынында бул маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгы каралганда депутаттарыбыз “биз буларды эч нерсе кыла албайбыз, укуктук негиздерди өзгөртөлү” деген мааниде сөз сүйлөп жатышканынан улам айтып жатам. Демек, элдик мүлк эсепсиз сатылып жок кылынышына мыйзам актыларыбызда же профсоюз федерациясынын укуктук нормаларында жалпы кызыкчылыктарга каршы аракеттерге илинчек болгондон улам айтып жатышкан чыгар. Акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз керек, Ш. Атазов төрагалык кылган депутаттык комиссия эл ичинде имиш болуп айтылып жүргөн кептин чындыгы бар экендигин өз иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы менен көрсөттү. Эмнеси болсо да мурдагы профсоюз жетекчилери эл алдында жалпы профсоюз активинин бетине чиркөө кылды. Ооба, мында маселе бар, аны ачыкайкын иликтеп, чекит коюлушу керек. Кандай негизде элдин мүлкүнө суук колун салып, ээнбаштык кылгандарды иликтеп, мыйзамдуу чечим чыгарчу органдар бар. Бул маселе өтө кылдат жана калыс иликтөөнү талап кылаары көрүнүп калды.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№50 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 23-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!